Difference between revisions of "АТАЙ ОГОМБАЕВ Талас районундагы кыштак"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

09:12, 26 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

АТАЙ ОГОМБАЕВ, Ж е р г е - Т а л ‒ Талас облусунун Талас районундагы кыштак. Калба айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 21 км. Маймак темир жол бекетинен 140 км. Калба жана Беш-Таш сууларынын аралыгында, деӊиз деӊгээлинен 1427 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3148 (2009); негизинен дыйканчылыкта, багбанчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген артисти комузчу М. Козубекованын музейи, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, китепкана, клуб, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, тери, кум, кыш, кымыз цехтери бар. Кыштакка Кыргыз Республикасынын эл артисти Атай Огомбаевдин ысмы коюлган.