Difference between revisions of "АРТЫКБАЕВ Мелс Табалдиевич"
м (Dilde moved page АРТЫКБАЕВ to АРТЫКБАЕВ Мелс Турганбаевич) |
|
(Айырма жок)
|
13:49, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АРТЫКБАЕВ Мэлс Табалдыевич (29. 12. 1939- жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Корумду айылы -- 5. 2022, Бишкек) – философ, философия илимдеринин доктору (1986), саясат таануу илимдеринин доктору (2006), профессор (1988), KP УИАнын корреспондент мүчөсү (2010). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1994), 1967-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1967-71-жылдары ФПИде окутуучу, 1973–82-жылдары КМУда улук окутуучу, доцент, 1982–94-жылдары илимий коммунизм жана саясат таануу кафедрасынын башчысы (1982–87), 1994-жылдан философия факультетинин деканы. 270ден ашык илимий эмгектин (анын ичинде 15 монография) автору. Анын эмгектери саясат таануу теориясына, проблемаларына, улут арасындагы мамилелерди изилдөөгө багытталган.
Эмг.: Политическая система в «открытых» и «закрытых» обществах. Б., 1998; Политология (наука о политике и власти). Б., 1999.