Difference between revisions of "АРКА ТҮРҮНДӨГҮ БЕКИТКИЧ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

12:38, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

АРКА ТҮРҮНДӨГҮ БЕКИТКИЧ -тоокен казмасынын үстүнөн жасалган басым күчтүү болгондо колдонулуучу бекиткич. Негизинен чөгүүчү шарнирлүү жанa жылбас дого түрүндөгүлөрү пайдаланылат. Чөгүүчү Арка түрүндөгү бекиткич узак убакыт иштетилүүчү казмаларда, шарнирлүүсү – тазартуу жумуштары иштетилген чөйрөдө, жылбас арка тоокен басымы туруктуу болгон капиталдык жанa даярдоо казмаларында колдонулат.