Difference between revisions of "АНТУАН Андре"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
6 -сап: 6 -сап:
Ал кезде кинонун өзгөчөлүгүн бир нече кинорежиссерлор гана Андре Антуандай курч сезе алышкан. Ал «Корсикалык бир туугандар» аттуу биринчи эмгегинде эле кинематографиялык кадрды театр сахнасынын бир түрү катары кароодон баш тарткан. Көрүүчүлөр менен актёрлордун ортосуна элестүү «төртүнчү» дубалды коюп, актёрлордон ички театр рампасынын тааныш сезимин басып салууну жана театрга мүнөздүү жаңсоолордун, мимиканын ашыкча экспрессиясынан баш тартууну талап кылган. А. Антуандын театрдагы бай тажрыйбасы менен эксперименттерге болгон ынтызарлыгы анын тасма тартуу ишине чоң өбөлгөсүн тийгизген.

Сүрөтчүнүн сезимталдыгы кинонун таасирдүү тилинин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан. Ал монтаждын мыйзамдарын интуитивдүү түшүнгөн үчүн камеранын кыймылын туура пайдаланып, мизансценаны куруунун жаңы ыкмаларын ойлоп таап, аны тасма тартуунун шартына ылайыктап, акырында эпизоддорду өзүнчө сценаларга, пландарга бөлүп тартууга жетишкен. Кинонун өзгөчөлүгүн жакшы өздөштүргөн менен А. Антуан өзү тапкан ыкмаларды кыянаттык менен пайдаланган эмес жана аларды А. Ганс байкагандай, өтө этияттык менен колдонгон. Карапайым адамдардын жашоосуна көңүл буруу, каармандардын образын терең ачып берүү жана жаратылышты реалдуу көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонуу каалоосу А. Антуандын тасмаларын ошол кездеги салондук мелодрамалардан жана сериал детективдерден айырмалап турган. Бирок көпчүлүк кино көрүүчүлөр анын тасмаларынын жөнөкөйлүгүн баалашпай, эксперименттерине кайдыгер мамиле кылышкан. Көрүүчүлөрдүн мындай реакциясын киностудиялардын ээлери эскертүү катары кабыл алышкан. Алардын ою боюнча, режиссёрдун талантына коюлган талап өзүн актабай, анын кинодогу иши токтоп калган.
Сүрөтчүнүн сезимталдыгы кинонун таасирдүү тилинин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан. Ал монтаждын мыйзамдарын интуитивдүү түшүнгөн үчүн камеранын кыймылын туура пайдаланып, мизансценаны куруунун жаңы ыкмаларын ойлоп таап, аны тасма тартуунун шартына ылайыктап, акырында эпизоддорду өзүнчө сценаларга, пландарга бөлүп тартууга жетишкен. Кинонун өзгөчөлүгүн жакшы өздөштүргөн менен А. Антуан өзү тапкан ыкмаларды кыянаттык менен пайдаланган эмес жана аларды А. Ганс байкагандай, өтө этияттык менен колдонгон. Карапайым адамдардын жашоосуна көңүл буруу, каармандардын образын терең ачып берүү жана жаратылышты реалдуу көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонуу каалоосу А. Антуандын тасмаларын ошол кездеги салондук мелодрамалардан жана сериал детективдерден айырмалап турган. Бирок көпчүлүк кино көрүүчүлөр анын тасмаларынын жөнөкөйлүгүн баалашпай, эксперименттерине кайдыгер мамиле кылышкан. Көрүүчүлөрдүн мындай реакциясын киностудиялардын ээлери эскертүү катары кабыл алышкан. Алардын ою боюнча, режиссёрдун талантына коюлган талап өзүн актабай, анын кинодогу иши токтоп калган. Бирок А. Антуандын көрсөткөн сабактары туура экендиги анын таасири алдында тартылган Ж. Фадердин, Л. Пуарьенин, Р. Будриоздун жана Жак де Барончеллинин кийинки эмгектеринен байкалат.
 
Бирок А. Антуандын көрсөткөн сабактары туура экендиги анын таасири алдында тартылган Ж. Фадердин, Л. Пуарьенин, Р. Будриоздун жана Жак де Барончеллинин кийинки эмгектеринен байкалат.  

'''«Эркин театр»'''
'''«Эркин театр»'''

16:22, 11 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

АНТУАН Андре (31.1.1858-жыл, Лимож шаары, Франция – 19.10.1943-жыл, Пулиган (Атлантикалык Луара) шаары, Франция) – француз театр жана кино режиссёру, актёр, театр теоретиги. Өспүрүм кезинен театр өнөрүнө кызыккан. Белгилүү Кондорсе лицейин бүтүргөн, Париждеги Газ коомунда клерк болуп иштеген. Спектаклдерге катышууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн «Комеди Франсез» театрында эмгектенген. Парижде театр ышкыбоздорунун Гальси кружогунун башчысы болгон. Э. Золянын тегерегиндеги жазуучулар (А. Доде, А. Бек, Э.Гонкур жана башкалар) менен таанышкан. «Театр натурализминин» көрүнүктүү өкүлү, «Эркин театр» (1887) жана «Антуан театрынын» (1897) түзүүчүсү, жетекчиси болгон, таланттуу актёрлор плеядасын тарбиялап чыгарган/. 1906–1914-жылдары «Одеон» театрынын директору болуп иштеген. Биринчи жолу Францияда Л. Толстойдун «Караңгылыктын бийлиги» (1888), Ибсендин «Арбактар» (1890) жана «Жапайы өрдөк» (1891), Гауптмандын «Токуучу» (1893) спектаклдерин койгон. Өзү да ролдордо ойногон. Ал кинодо да иштеген. «Корсикалык бир туугандар» (Дюмаата, 1917), «Деңиз эмгекчилери» (Гюго, 1917), «Арлезиан аялы» (Доде, 1922) тасмаларын койгон. 1897-жылдан Эркин театрдын артисттери менен Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Россияда гастролдо болгон.

Чыгармачылык жолу

Ал кезде кинонун өзгөчөлүгүн бир нече кинорежиссерлор гана Андре Антуандай курч сезе алышкан. Ал «Корсикалык бир туугандар» аттуу биринчи эмгегинде эле кинематографиялык кадрды театр сахнасынын бир түрү катары кароодон баш тарткан. Көрүүчүлөр менен актёрлордун ортосуна элестүү «төртүнчү» дубалды коюп, актёрлордон ички театр рампасынын тааныш сезимин басып салууну жана театрга мүнөздүү жаңсоолордун, мимиканын ашыкча экспрессиясынан баш тартууну талап кылган. А. Антуандын театрдагы бай тажрыйбасы менен эксперименттерге болгон ынтызарлыгы анын тасма тартуу ишине чоң өбөлгөсүн тийгизген.

Сүрөтчүнүн сезимталдыгы кинонун таасирдүү тилинин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан. Ал монтаждын мыйзамдарын интуитивдүү түшүнгөн үчүн камеранын кыймылын туура пайдаланып, мизансценаны куруунун жаңы ыкмаларын ойлоп таап, аны тасма тартуунун шартына ылайыктап, акырында эпизоддорду өзүнчө сценаларга, пландарга бөлүп тартууга жетишкен. Кинонун өзгөчөлүгүн жакшы өздөштүргөн менен А. Антуан өзү тапкан ыкмаларды кыянаттык менен пайдаланган эмес жана аларды А. Ганс байкагандай, өтө этияттык менен колдонгон. Карапайым адамдардын жашоосуна көңүл буруу, каармандардын образын терең ачып берүү жана жаратылышты реалдуу көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонуу каалоосу А. Антуандын тасмаларын ошол кездеги салондук мелодрамалардан жана сериал детективдерден айырмалап турган. Бирок көпчүлүк кино көрүүчүлөр анын тасмаларынын жөнөкөйлүгүн баалашпай, эксперименттерине кайдыгер мамиле кылышкан. Көрүүчүлөрдүн мындай реакциясын киностудиялардын ээлери эскертүү катары кабыл алышкан. Алардын ою боюнча, режиссёрдун талантына коюлган талап өзүн актабай, анын кинодогу иши токтоп калган. Бирок А. Антуандын көрсөткөн сабактары туура экендиги анын таасири алдында тартылган Ж. Фадердин, Л. Пуарьенин, Р. Будриоздун жана Жак де Барончеллинин кийинки эмгектеринен байкалат.

«Эркин театр»

Күчтүү энергияга жана зор чечкиндүүлүккө ээ А. Антуан натурализмдин жактоочусу катары француз театрында башкаларга караганда Э. Золянын идеологиялык көз караштарын жайылтуу жана анын чыгармаларынын негизинде спектаклдерди коюу менен алектенген.

1887-жылы Париж шаарында эксперименттик – тарыхта эң биринчи «эркин» деп аталган «Либр театрын» негиздеп, 1894-жылга чейин жетектеген. Бул убакыт аралыгында француз жана чет элдик, анын ичинен 67 кайрадан жазылган 124 пьеса көрсөтүлгөн. «Эркин театрда» Л. Н. Толстойдун «Караңгылыктын бийлиги» (1888), Г. Ибсендин «Арбактар» (1890), «Жапайы өрдөк» (1891), И. С. Тургеневдин «Жатып ичер» (1890), Г. Гауптмандын «Токуучулар» (1893) спектаклдери коюлган.

« Антуан театры»

Антуан театры, Париж, Страсбур бульвары.

1897-жылы «Антуан театрын» түзүп, 1906-жылга чейин жетектеген.

«Одеон»

1906—1913-жылдары Парижде «Одеон» театрын жетектеген убакта Оноре Бальзак, Альфонс Доде жана Жюль Ренардын романдарын инсценировкалаган.

Койгон спектаклдери

  • 1888 — «Караңгылыктын бийлиги», Л. Н. Толстой
  • 1890 — «Арбактар», Г. Ибсен
  • 1890 — «Жатып ичер», И. С. Тургенев
  • 1891 — «Жапайы өрдөк», Г. Ибсен

Кино ишмердиги

1914 – 1922-жылдары «Авторлор жана адабиятчылар коомунун» жана Pathé компаниясынын тапшырыгы менен тогуз кино картина тарткан. Анын биринчи эмгеги «Корсикалык бир туугандар». Романтикалык маанайдагы темасы А. Дюманын окшош аталыштагы чыгармасынан алынган. Тасмада негизги көңүлдү каармандардын терең мүнөздөмөсүнө буруп, адабий булакка мүнөздүү болгон кыймыл-аракеттин курч динамизмин бере алган. Биринчи ийгиликтүү иши экрандашкан жаңы тасмалар менен коштолгон: Ф. Коппе боюнча «Күнөөкөр», В. Гюго, «Деңиз эмгекчилери», Э. Золя, «Жер».

1922-жылы режиссураны калтырып, «Ле журналында» (фр. Journal) киносын менен алектене баштаган.

Фильмографиясы

  • 1914 — 1793-жылдары Альберт Капеллани менен бирге тарткан тасмасын француз цензурасы 1921-жылы гана экранга чыгарган.
  • 1916 — Корсикалык бир туугандар
  • 1918 — Деңиз эмгекчилери
  • 1917 — Күнөөкөр
  • 1919 — Израиль
  • 1920 — Чабалекей жана ала чымчык
  • 1921 — Жер
  • 1921 — Мадемуазель де ла Сегльер
  • 1922 — «Арлезиан кызы»