Difference between revisions of "АК-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ''' Ысык‑Көлдүн | '''АК-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ''' Ысык‑Көлдүн түштүк жээгинде. Туура‑Суунун шиленди конусу­нун чыгыш четинде жайгашкан. Тоң районунун ай­магында. Жарым арал көлдүн түбүндө жээк бой­лой созулуп жаткан кумдук, чополуу жалча­лардын ачылып калышынан пайда болгон; 1930­-жылдагы топографиялык картада азыркы жарым арал­дын ордунда суу астындагы таштардын белгиси гана көрсөтүлгөн. Кийин мындагы тайыздык­тар суу тартылганда жарым аралга айланып, жээкке кошулган (1950‑ж.). Аянты 1981–84‑ж. 0,0542 ''км''<sup>2</sup>ге чоңойгон. Азыркы кум жалчала­рынын бир бөлүгү талкаланып, кум плитала­рына айланган; алардын арасына кум толгон. Жарым аралдагы Ак‑Булуң колтугу чакан ке­мелер токтоого өтө ыңгайлуу жай; тереңдиги 3–4 ''м.'' Таманы илешкээк ылайлуу, балырлар өсөт. Жарым арал <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> анын акваториясы суу­чул куштардын, <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> ак куулардын кышында байырлоочу жайы. |
16:29, 24 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы
АК-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ Ысык‑Көлдүн түштүк жээгинде. Туура‑Суунун шиленди конусунун чыгыш четинде жайгашкан. Тоң районунун аймагында. Жарым арал көлдүн түбүндө жээк бойлой созулуп жаткан кумдук, чополуу жалчалардын ачылып калышынан пайда болгон; 1930-жылдагы топографиялык картада азыркы жарым аралдын ордунда суу астындагы таштардын белгиси гана көрсөтүлгөн. Кийин мындагы тайыздыктар суу тартылганда жарым аралга айланып, жээкке кошулган (1950‑ж.). Аянты 1981–84‑ж. 0,0542 км2ге чоңойгон. Азыркы кум жалчаларынын бир бөлүгү талкаланып, кум плиталарына айланган; алардын арасына кум толгон. Жарым аралдагы Ак‑Булуң колтугу чакан кемелер токтоого өтө ыңгайлуу жай; тереңдиги 3–4 м. Таманы илешкээк ылайлуу, балырлар өсөт. Жарым арал жана анын акваториясы суучул куштардын, анын ичинде ак куулардын кышында байырлоочу жайы.