Difference between revisions of "АХРАМХУЖАЕВ Обид Мурадович"
м (Dilde moved page АХРАМХУЖАЕВ to АХРАМХУЖАЕВ Обид Мурзаевич) |
|
(Айырма жок)
|
15:50, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АХРАМХУЖАЕВ Обид Мурадович (1920, Ташкент ш. ‒ 1996, ошол эле жерде) ‒ геолог, геол.-минералогия илимд. доктору (1959), Өзбекcтан ИАнын академиги (1966), вице-президенти, Өзбек ССРнин илимине эмг. сиӊ. ишмер (1964). О. Азия политех. ин-тун бүткөн (1945). Өзбекстан ИАнын Геология ин-тунда ил. кызматкер (1957‒59), 1959-жылдан Өзбекстандагы нефть жана газ кендеринин геол. жана чалгындоо ин-тунда директор. Өзбекстан География коомунун президенти. А. негизги ил. иштери Өзбекстан жана Түш. Кырг-ндын чөкмө тоотек катмарла рындагы нефть-газ чыгуучу геол. свиталарды, нефть-газ пайда кылуучу жана топтолуучу зоналарды белгилөө б-ча комплекстүү изилдөөгө, нефть менен газдын келечегин аныктоого багытталган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Илимпоздун урматына Ташкент ш-ндагы көчө аталган.
Эмг.: Литология нефтегазоносных меловых отложений Ферганской депрессии. Таш., 1960.