Difference between revisions of "АТТОКУРОВ Сабыр"
Jump to navigation
Jump to search
м (Dilde moved page АТТОКУРОВ 1 to АТТОКУРОВ Сабыр) |
|
(Айырма жок)
|
15:22, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АТТОКУРОВ Сабыр (8. 4. 1932, Нарын обл., Жумгал р-ну, Лама айылы ‒ 2. 1. 2005, Бишкек) ‒ тарыхчы, тарых илимд. доктору (1969), проф. (1971). КРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери (2000). 1953-ж. Кыргыз мамл. пед. ин-туну тарых ф-тин бүтүргөн. 1956‒86-ж. КМУнун тарых ф-тинде окутуучу, доцент, деканы, кафедра башчысы, проф. 1986‒93-ж. КР УИАнын Тарых ин-тунда жетектөөчү ил. кызматкер, 1993‒2005-ж. бөлүм башчы болуп иштеген. 200дөн ашык ил. эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору. Эмгектери негизинен Кырг-ндын өнөр жайын, о. эле кыргыз элинин этнографиясын изилдөөгө арналган. Анын «Тайлак баатыр» (1994), «Тагай бий» (1994), «Кыргыз санжырасы» (1995), «Кыргыз этнографиясынын тарыхнаамасы» (1996) ж. б. китептери жарык көргөн.