Difference between revisions of "АТАБАЕВ Токтобай"
м (→top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) |
м (Dilde moved page АТАБАЕВ to АТАБАЕВ Токтобай) |
(Айырма жок)
|
14:46, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АТАБАЕВ Токтобай (1933, Ош обл., Өзгөн р-ну, Ак-Жар кыш. ‒ 2004, Ош ш.) ‒ бургулоочу, геол. чалгындоо жумуштарынын устаты, Соц. Эмг. Баатыры (1966). Ташкендеги Геол. чалгындоо
техникумун бүткөн (1973). 1948-жылдан Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын Түш. Кыргызстан геол. экспедициясында жумушчу, бургулоочу (1950), геол. партияда бургулоо жумуштары б-ча участоктун начальниги (1973), Терекан геол. чалгындоо партиясынын башкы инженери, начальниги (1975‒80), Чаткал геол. экспедициясынын башкы инженери (1980‒81), Улуу-Тоо геол. партиясынын начальниги (1981‒90), Түш. Кыргызстан геол. экспедициясынын начальнигинин чарбалык иштери б-ча орун басары (1990‒95), 1995-жылдан Жылкы базасынын директору болуп иштеген. Кыргызстандагы сымаптын ири кенин чалгындоо жумуштарында чоӊ ийгиликке жетишкен. Ленин, Октябрь Революциясы, «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган.