Difference between revisions of "АРМАН ЫРЛАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Mariya moved page АРМАН to АРМАН ЫРЛАРЫ)
(Айырма жок)

17:38, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АРМАН ЫРЛАРЫ – кыргыз элинин оозеки көркөм чыгармачылыгында кеңири тараган лирикалык ырлардын бир түрү. Анда каармандын эрксиздиктин, теңсиздиктин натыйжасында келип чыккан күйүтү, муң-зары, капалыгы, нааразылыгы, каршылык көрсөтүүсү билдирилет. Арман жанрын өркүндөтүүдө элдик ырчылардын ролу чоң болгон. Тоголок Молдо, Токтогул, Барпы ж. б. акындардын чыгармачылыгында арман жанр катары кадыресе жашоосун уланткан. Азыркы акындар тарабынан да турмуш жагдайларга байланыштуу арман ырлары жаралууда (мис., К. Алмазбеков. «Он үч жашар баланын арманы», А. Рыскулов. «Өрүк комуз» ж. б.).