Difference between revisions of "АРБУЗОВ Алексей Николаевич"
Jump to navigation
Jump to search
м (Mariya moved page АРБУЗОВ to АРБУЗОВ Алексей Николаевич) |
|
(Айырма жок)
|
11:18, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АРБУЗОВ Алексей Николаевич (13. 5. 1908, Москва – 20. 4. 1986, ошол эле жерде) – орус драматургу. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Ленинград театр окуу жайын бүткөн. Чыгармалары 1930-жылдан жарыялана баштаган. «Таня» (1939) пьесасы м-н драматург катары таанылган. «Сүйүктүү алтоо» (1935), «Алыс жол» (1935),«Таң алдындагы шаар» (1941), «Четтеги үй»(1943), «Саякат жылдары» (1954), «Иркутск окуясы» (1959), «Саат он экиге кетти» (1959), Жоголгон уул» (1961), «Байкуш Маратым» (1965), «Бактысыз адамдын бактылуу күнү», «Шайлоо» (1971),«Эски Арбаттын жомогу» (1972) ж. б. чыгармаларды жазган. Ал чыгармаларында жаш муундардын ички дүйнөсүн калыптандыруу, тарбиялоо ж. б. учурдун орчундуу моралдык-этикалык маселелерин көтөргөн.