Difference between revisions of "АК-БЕШИМ шаар калдыгы"
Jump to navigation
Jump to search
м (Kerimova-59 moved page АК-БЕШИМ 1 to АК-БЕШИМ шаар калдыгы) |
|
(Айырма жок)
|
18:07, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АК-БЕШИМ – 6–12‑к‑дарга таандык, Токмок ш‑нан 6 км түш.-батыш тараптан орун алган ири шаар калдыгы. Шаардын борб. бөлүгү сепил м‑н шахристандан турган, алардын дубалдары калың келип, мунаралар м‑н чыңдалган. Шаардын борб. туташ жайгашкан аймакта кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык м‑н кесиптенген шаардыктардын үйлөрү болгон. Бул аймак жалпы уз. 16 км келген дубал м‑н курчалган. Негизинен турак жай имараттарынын калдыктары, тиричилик шаймандары, тыйындар, иск-во жасалгалары (айкел, алтын жалатылып көркөмдөлгөн буюмдар), о. эле шахристандын түш. тарабында жайгашкан 6–8‑к‑га таандык эки будда храмынан (8‑к‑дын акырына чейин Буддизм өкүм сүргөн) арх‑ра, скульптура, сүрөт, курулуш техникасына тиешелүү бай материалдар табылган. Табылгаларда О. Азия м‑н Чыгыш Түркстандын мад‑тына таандык окшоштуктар болуп, бул Улуу Жибек жолунун ролун айкындайт.
Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү А-Бди 6–10‑к‑да Батыш Түрк, Түргөш ж‑а Карлук кагандыктарынын борбору болгон Суйаб ш‑нын калдыгы деп эсептешет. Археол. казууларды А. Н. Бернштам (1938–39), П. Н. Кожемяко (1953), Л. Р. Кызласов (1953–55, 1958), 1996-98‑ж. Кыргыз УИА Санкт‑Петербург чыгыш таануучулары м‑н бирдикте казуу жүргүзүшкөн. А. мамл. корукка алынган.
Ад.: Бернштам А. Н. Түндүк Кыргызстандын археологиялык очерки. Ф., 1941; Кызласов Л. Р. Ак‑Бешимдин урандыларында 1953–54‑ж‑да жүргүзүлгөн археологиялык чалгындоолор. Кыргызстандын археологиялык‑этнографиялык экспедициясынын эмгектери. II том. М., 1959.