Difference between revisions of "АНТАНАНАРИВУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(Antananarivo), Тананариве – Мадагаскар Респ-нын борбор шаары

ж-а аты окшош провинциянын адм. борбору. Калкы 1,3 млн (2019). Бийик платодо (1240– 1470 м бийиктикте), Мадагаскар а-нын борб. бөлүгүндө үч дөбө жайгашып, бири-бири м-н тешкен тоо ж-а тепкичтер аркылуу катташат. Жолдор тоому ж-а темир жол түйүнү. Ивату эл аралык аэропорту иштейт. 17-к-дын 1-жарымында негизделген. 19-к-дын аягына чейин Мадагаскар королдугунун резиденциясы. 1890- 1960-ж. Мадагаскар франция ээлигинин адм. борбору болгон. 1960-жылдын июнунан көз карандысыз Малагаси Респ-нын, 1975-жылдын декабрынан Мадагаскар Демокр. Респ-нын, 1992- жылдын сентябрынан Мадагаскар Респ-нын борбору. Өнөр жай кварталдары шаардын түндүгүндө, батышында ж-а чыгышында жайгашкан, турак жай кварталдары дөбөлөрдүн капталдарында отурукташкан. А. – өлкөнүн экон., адм., финансы ж-а соода борбору. Тамак-аш, булгаары, жеңил, жыгаччылык, полигр. өнөр жайлары, автомобиль кураштыруучу з-д, курулуш материалдар өндүрүшү иштейт. «Цимбазаза» ботан. багы бар. Ун-т (1961), ИА (1902), улуттук китепкана (1961), архив (1958), тарых (1897), искво ж-а археология музейлери, театрлар иштейт.