Difference between revisions of "АК-БУЛУҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Ысык‑Көлдүн түш. жээгинде. Туура‑Суунун шиленди конусунун чыгыш четинде жайгашкан. Тоң р‑нун аймагында. Жарым арал көлдүн түбүндө жээк бойлой созулуп жаткан кумдук, чополуу жалчалардын ачылып калышынан пайда болгон; 1930жылдагы топогр. картада азыркы жарым аралдын ордунда суу астындагы таштардын белгиси гана көрсөтүлгөн. Кийин мындагы тайыздыктар суу тартылганда жарым аралга айланып, жээкке кошулган (1950‑ж.). Аянты 1981–84‑ж. 0,0542 км2ге чоңойгон. Азыркы кум жалчаларынын бир бөлүгү талкаланып, кум плиталарына айланган; алардын арасына кум толгон. Жарым аралдагы Ак‑Булуң колтугу чакан кемелер токтоого өтө ыңгайлуу жай; терендиги 3–4 м. Таманы илээшкек ылайлуу, балырлар өсөт. Жарым арал ж‑а анын акваториясы суучул куштардын, а. и. ак куулардын кышында байырлоочу жайы.