Difference between revisions of "АЗОТ ТОПТООЧУ МИКРООРГАНИЗМДЕР"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– абадагы мол. азотту сиңирип, азот бирикмелерине айландыруучу микроорганизмдер. Буга татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр м‑н симбиоздо
жашаган бактериялар, топуракта эркин жашоочулар да кирет. Азоттун табиятта айланышында ж‑а топуракты, көлмөлөрдү азот кошулмалары м‑н байытууда алардын мааниси чоң (симбиоздук бактериялар жылына 1 га топурак та 200‑300 кг, симбиоздук эместер 15‑30 кг азот топтойт). Булардын тиричилигинин натыйжа сында мол. азоттон (N2) аммиак (NH3) пайда болот. Ал эми аммиактан синтезделген амин к‑таларды өсүмдүктөр пайдаланат. Топуракта, сууда эркин жашаган микроорганизмдерге азот ж‑а анаэробдук бактериялар – клостридум, ме тан кычкылдандыруучу бактериялар, кызылкүкүрт ж‑а жашыл күкүрт бактериялары кирет. Көк жашыл бактериялардын көбү, кээ бир козу карындар, ачыткылар, спирохеталар да азот топ тойт. Симбиоздук азот топтоочуларга чанактуу өсүмдүктүн (буурчак, беде, уй беде, люпин ж. б.) тамырларында жашоочу түймөк бактериялары кирет. О. эле түймөкчөлөр ольха, жийде ж. б. өсүмдүктүн тамырында да жашап, азот бирикмелерин топтойт.