Difference between revisions of "АФИНЫ АКРОПОЛУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)

(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ Байыркы Афинынын зыярат борбору ж-а чеп. Дүйнөдөгү эӊ ажайып арх-ралык ансамлдердин бири, акрополдун классикалык үлгүсү катары белгилүү. Афинынын
'''АФИНЫ АКРОПОЛУ'''‒ Байыркы Афинынын зыярат борбору жана чеп. Дүйнөдөгү эӊ ажайып архитектуралык ансамлдердин бири, акрополдун классикалык үлгүсү катары белгилүү. Афинынын борборунда бийик жерде батыштан чыгышка карай созулган аянтта (300 х 130 ''м'') орун алган. Биздин заманга чейинки XII кылымга чейин Афины  акрополу сепил болгон. Андан табылган байыркы табылгалар неолит жана мезолит мезгилине таандык. Биздин заманга чейинки  VI кылымга таандык Афины Полиаддын (Гекатомпедон, 570‒566) храмынын пайдубалынын калдыктары, Эски Парфенон аталган Артемида ыйык жайы (VI‒IV ккылымдар) жана башкалар сакталып калган.
борборунда бийик жерде батыштан чыгышка карай созулган аянтта (300 х 130 ''м'') орун алган. Б. з. ч. 12-к-га чейин А. а. сепил болгон. Андан табылган байыркы табылгалар неолит ж-а мезолит мезгилине таандык. Б. з. ч. 6-к-га таандык Афины Полиаддын (Гекатомпедон, 570‒566)
[[File:АФИНЫ АКРОПОЛУ57.png | thumb|Иктин жана Калликрат (биздин заманга чейинки 447‒432) тарабынан Афины кудайынын урматына курулган Парфенон.]]Биздин заманга чейинки 480-жылы Периклдин тушунда перстер тарабынан талкаланган Акрополду калыбына келтирүүдө бирдиктүү план иштелип чыгып, Грекиянын улуу айкелчиси Фидиянын жетектөөсү менен ишке ашкан. Биздин заманга чейинки 406-жылы бүткөрүлгөн Эрехтейон храмынан тышкары, акрополдун негизги курулмалары биздин заманга чейинки . 449‒421-жылы тургузулган. Биздин заманга чейинки  447-жылы архитекторлор Иктин жана Калликрат Акрополдун негизги маанилүү имараты ''Афинага'' (согуш кудайы) арналган Парфенонду курууга киришкен. Имараттын жанына Афинанын коло статуясы (айкелчи Фидий) тургузулган. Биздин заманга чейинки  437‒432-жылдары архитектор Мнесикл Акрополдун кире беришине салтанаттуу Пропилеи (колонналар менен бириктирилген эки портик) курган. Анын батыш тарабында Пинакотека (живопистик чыгармаларды сактоочу жай), түштүгүндө анчалык чоӊ эмес Ники храмы орун алган. Ники Антерос храмы. Бул жерде жеӊген атлеттер кудайлар урматына курмандык чалышкан (биздин заманга чейинки  V кылым). Парфенонго жакын Эрехтейон храмы (биздин заманга чейинки  421‒406-жылдары курулган) жайгашкан. Акрополдо түрдүү кудайларга арналып тургузулган ыйык жайлар көп. V кылымдын аяк ченинде курулган Ники Антерос храмы тургузулган соӊ, Акрополдун курулушу аяктаган. 1456-жылы Афиныны түрктөр басып алгандан кийин Афины  акрополу пашанын резиденциясына айланган: Парфенондо мечит, Эрехтейондо хан сарай, Пропилейде ок-дары кампасы жайгашкан. 1687-жылы Афины  акрополун венециялыктар курчоого алган учурда Парфенонго замбиректин огу тийип, талкаланган. Учурда анын түштүк-чыгыш тарабында Акрополь музейинин имараты жайгашкан. Афины  акрополу ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине киргизилген.
[[File:АФИНЫ АКРОПОЛУ57.png | thumb | Иктин жана Калликрат (б. з. ч. 447‒432) тарабынан Афины кудайынын урматына курулган Парфенон.]]
[[Категория:1-Том]]
храмынын пайдубалынын калдыктары, Эски Парфенон аталган Артемида ыйык жайы
(6‒4-к.) ж. б. сакталып калган. Б. з. ч. 480-ж. Периклдин тушунда перстер тарабынан талкаланган Акрополду калыбына келтирүүдө бирдиктүү план иштелип чыгып, Грекиянын улуу скульптору Фидиянын жетектөөсү м-н ишке ашкан. Б. з. ч. 406-ж. бүткөрүлгөн Эрехтейон храмынан тышкары, акрополдун негизги курулмалары б. з. ч. 449‒421-ж. тургузулган. Б. з. ч. 447-ж. архитекторлор Иктин ж-а Калликрат Акрополдун негизги маанилүү имараты ''Афинага'' (согуш кудайы) арналган Парфенонду курууга киришкен. Имараттын жанына Афинанын коло статуясы (скульптору Фидий) тургузулган. Б. з. ч. 437‒432-ж. архитектор Мнесикл Акрополдун кире беришине салтанаттуу Пропилеи
(колонналар м-н бириктирилген эки портик) курган. Анын батыш тарабында Пинакотека (живопистик чыгармаларды сактоочу жай), түштүгүндө анчалык чоӊ эмес Ники храмы орун алган.
Ники Антерос храмы. Бул жерде жеӊген атлеттер кудайлар урматына курмандык чалышкан (б. з. ч. 5 к.).
Парфенонго жакын Эрехтейон храмы (б. з. ч. 421‒406-ж. курулган) жайгашкан. Акрополдо түрдүү кудайларга арналып тургузулган ыйык жайлар көп. 5-к-дын аяк ченинде курулган Ники Антерос храмы тургузулган соӊ, Акрополдун курулушу аяктаган. 1456-ж. Афиныны түрктөр басып алгандан кийин А. А. пашанын резиден
циясына айланган: Парфенондо мечит, Эрехтейондо хан сарай, Пропилейде ок-дары кампасы жайгашкан. 1687-ж. А. А-ду венециялыктар курчоого алган учурда Парфенонго замбиректин огу тийип, талкаланган. Учурда анын түш.-чыгыш тарабында Акрополь музейинин имараты жайгашкан. А. А. ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине киргизилген.

14:09, 21 Июль (Теке) 2025 -га соңку версиясы

АФИНЫ АКРОПОЛУ‒ Байыркы Афинынын зыярат борбору жана чеп. Дүйнөдөгү эӊ ажайып архитектуралык ансамлдердин бири, акрополдун классикалык үлгүсү катары белгилүү. Афинынын борборунда бийик жерде батыштан чыгышка карай созулган аянтта (300 х 130 м) орун алган. Биздин заманга чейинки XII кылымга чейин Афины акрополу сепил болгон. Андан табылган байыркы табылгалар неолит жана мезолит мезгилине таандык. Биздин заманга чейинки VI кылымга таандык Афины Полиаддын (Гекатомпедон, 570‒566) храмынын пайдубалынын калдыктары, Эски Парфенон аталган Артемида ыйык жайы (VI‒IV ккылымдар) жана башкалар сакталып калган.

Иктин жана Калликрат (биздин заманга чейинки 447‒432) тарабынан Афины кудайынын урматына курулган Парфенон.

Биздин заманга чейинки 480-жылы Периклдин тушунда перстер тарабынан талкаланган Акрополду калыбына келтирүүдө бирдиктүү план иштелип чыгып, Грекиянын улуу айкелчиси Фидиянын жетектөөсү менен ишке ашкан. Биздин заманга чейинки 406-жылы бүткөрүлгөн Эрехтейон храмынан тышкары, акрополдун негизги курулмалары биздин заманга чейинки . 449‒421-жылы тургузулган. Биздин заманга чейинки 447-жылы архитекторлор Иктин жана Калликрат Акрополдун негизги маанилүү имараты Афинага (согуш кудайы) арналган Парфенонду курууга киришкен. Имараттын жанына Афинанын коло статуясы (айкелчи Фидий) тургузулган. Биздин заманга чейинки 437‒432-жылдары архитектор Мнесикл Акрополдун кире беришине салтанаттуу Пропилеи (колонналар менен бириктирилген эки портик) курган. Анын батыш тарабында Пинакотека (живопистик чыгармаларды сактоочу жай), түштүгүндө анчалык чоӊ эмес Ники храмы орун алган. Ники Антерос храмы. Бул жерде жеӊген атлеттер кудайлар урматына курмандык чалышкан (биздин заманга чейинки V кылым). Парфенонго жакын Эрехтейон храмы (биздин заманга чейинки 421‒406-жылдары курулган) жайгашкан. Акрополдо түрдүү кудайларга арналып тургузулган ыйык жайлар көп. V кылымдын аяк ченинде курулган Ники Антерос храмы тургузулган соӊ, Акрополдун курулушу аяктаган. 1456-жылы Афиныны түрктөр басып алгандан кийин Афины акрополу пашанын резиденциясына айланган: Парфенондо мечит, Эрехтейондо хан сарай, Пропилейде ок-дары кампасы жайгашкан. 1687-жылы Афины акрополун венециялыктар курчоого алган учурда Парфенонго замбиректин огу тийип, талкаланган. Учурда анын түштүк-чыгыш тарабында Акрополь музейинин имараты жайгашкан. Афины акрополу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.