Difference between revisions of "АЙТМАТОВ Төрөкул"
м (→top: категория кошуу) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙТМАТОВ''' '''Төрөкул''' (1903, | '''АЙТМАТОВ''' '''Төрөкул''' (1903, Олуя‑Ата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Кара‑Буура району, Шекер айылы – 1938, Фрунзе) – саясий жана мамлекеттик ишмер. 1917‑жылы орус‑жергиликтүү мектебин, 1924‑жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин бүтүргөн. 1920–21‑жылдары болуштук ревкомдун, Грозный кыштагындагы жарды‑жалчылар комитетинин секретары, 1924–26‑жылдарда ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана башчысы, 1926–29‑жылдарда Каракол‑Нарын округдук комитетинин, Жалал‑Абад кантондук комитетинин секретары, 1929–31‑жылдары Кыргыз АССРинин өнөр-жай соода эл комиссары жана Эл чарбасынын борбордук советинин төрагасы, 1931–33‑жылдары партиянын Араван-Буура райкомунун 1‑секретары, 1934–35‑жылдары ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун 2‑секретары болуп иштеген. 1935–37‑жылдары Москвадагы Кызыл профессура институтунда окуган. Анын демилгеси менен 1926‑жылдан кыргыз тилинде «Коммунист» партиялык саясий журналы чыга баштаган. Айтматов 1927–28‑жылдары республиканын түштүгүндө жер‑суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген.

[[File:АЙТМАТОВ 18.png | thumb|none]] | [[File:АЙТМАТОВ 18.png | thumb|none]] | ||
1937‑жылы 1‑декабрда жазыксыз камакка алынып, ага «куралдуу жол менен Совет бийлигин кулатууну жана Англиянын протекторатынын астында буржуа­зиялык‑улутчулдук мамлекетти түзүүнү милдет кылып алган, Кыргызстанда бети ачылып, жок кылынган контр­революциячыл‑улутчул «социал‑туран» партиясынын көрүнүктүү ишмери» деген күнөө коюлган жана 1938‑жылы 5‑ноябрда атылган. 1957‑жылы акталып, партиялуулугу калыбына келтирилген. Сөөгү 1991‑жылы Чоң‑Таш айылындагы ''Ата‑Бейит'' көрүстөнүнө ариет–аза менен коюлган. Туулуп‑өскөн жери Шекер айылындагы мектепке Айтматовдун ысмы коюлуп, эстелиги орнотулган (1992).

[[Категория:1-Том]] |
08:44, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙТМАТОВ Төрөкул (1903, Олуя‑Ата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Кара‑Буура району, Шекер айылы – 1938, Фрунзе) – саясий жана мамлекеттик ишмер. 1917‑жылы орус‑жергиликтүү мектебин, 1924‑жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин бүтүргөн. 1920–21‑жылдары болуштук ревкомдун, Грозный кыштагындагы жарды‑жалчылар комитетинин секретары, 1924–26‑жылдарда ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана башчысы, 1926–29‑жылдарда Каракол‑Нарын округдук комитетинин, Жалал‑Абад кантондук комитетинин секретары, 1929–31‑жылдары Кыргыз АССРинин өнөр-жай соода эл комиссары жана Эл чарбасынын борбордук советинин төрагасы, 1931–33‑жылдары партиянын Араван-Буура райкомунун 1‑секретары, 1934–35‑жылдары ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун 2‑секретары болуп иштеген. 1935–37‑жылдары Москвадагы Кызыл профессура институтунда окуган. Анын демилгеси менен 1926‑жылдан кыргыз тилинде «Коммунист» партиялык саясий журналы чыга баштаган. Айтматов 1927–28‑жылдары республиканын түштүгүндө жер‑суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген.
1937‑жылы 1‑декабрда жазыксыз камакка алынып, ага «куралдуу жол менен Совет бийлигин кулатууну жана Англиянын протекторатынын астында буржуазиялык‑улутчулдук мамлекетти түзүүнү милдет кылып алган, Кыргызстанда бети ачылып, жок кылынган контрреволюциячыл‑улутчул «социал‑туран» партиясынын көрүнүктүү ишмери» деген күнөө коюлган жана 1938‑жылы 5‑ноябрда атылган. 1957‑жылы акталып, партиялуулугу калыбына келтирилген. Сөөгү 1991‑жылы Чоң‑Таш айылындагы Ата‑Бейит көрүстөнүнө ариет–аза менен коюлган. Туулуп‑өскөн жери Шекер айылындагы мектепке Айтматовдун ысмы коюлуп, эстелиги орнотулган (1992).