Difference between revisions of "АТАЙ Огомбаев"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)

(8 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Огомбаев (1900, Талас обл., Талас р-ну, Көк-Кашат айылы ‒ 1949, ошол эле жерде) ‒ ырчы, комузчу, күүчү ж-а обончу. КРдин эл арт. (1939). А. жети жашынан комуз черте баштап,
'''АТАЙ''' '''Огомбаев''' (1900-жыл, Талас облусу, Талас району, Көк-Кашат айылы ‒ 1949-жыл, ошол эле жерде) ‒ ырчы, комузчу, күүчү жана обончу. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1939). А. Огомбаев  жети жашынан комуз черте баштап, 13‒14 жашында эл ырлары менен күүлөрүн аткаруучу катары таанылган. Устаттары Жантакбай, Абдракман, Субанаалы, Айдараалынын күүлөрүн чебер гана чертпестен, кайруусуна кайруу улап, ажарын ача аткарган. 1926-жылы Токтогул менен жолугушуусу бүткүл чыгармачылыгына өзгөчө бурулуш жасаган, андан таалим алып, ырчылык жана комузчулук өнөрүн үйрөнгөн. А. Огомбаев 1935-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театрына кирип, 1936-жылы филармония уюшулганда, ага солист болуп которулган.
[[File:АТАЙ19.png | thumb | none]]
[[File:АТАЙ19.png | thumb|none]]
13‒14 жашында эл ырлары м-н күүлөрүн аткаруучу катары таанылган. Устаттары Жантакбай, Абдракман, Субанаалы, Айдараалынын күүлөрүн чебер гана чертпестен, кайруусуна кайруу улап, ажарын ача аткарган. 1926-ж. Токтогул м-н жолугушуусу бүткүл чыгармачылыгына өзгөчө бурулуш жа
1939-жылы ошол жерде комузчулар ансамблин уюштурган. 1940-жылы Москва шаарында өз демилгелүү композиторлордун (элдик күүчүлөрдүн жана обончулардын) курсунда окуп, С. Прокофьев, В. М. Глиэр сыяктуу атактуу композиторлордон сабак алган. А. Огомбаевдин кыргыздын элдик обондорунун салттарында жаралган лирикалык ырлары («Күйдүм чок», «Эсимде», «Гүл», «Ой, булбул», «Жаштар» жана башка) угуучуларга кеӊири маалым. Анын ырларынын обондору созулмалуу келип, нукура асемдүүлүккө ээ. «Ак Зыйнат», «Куралай», «Майчач» сыяктуу элдик ырларды да чебер аткарган. Өзүнүн «Шекер», «Тарт музыка», «Кыял күү», «Тоо булбулу» аттуу классикалык күүлөрү да бар. Токтогулдун «Келгендеги кербезим», «Чоӊ кербез», «Бала элем», «Карылык», «Үлгү ыр», «Армандуу чымчык» жана башка ондогон ыр, күүлөрүн аткарган. Композитор В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере А. Огомбаевдин «Күйдүм чогун» «Айчүрөк» операсындагы Айчүрөктүн лирикалык темасына, С.Ряузов «Жаштарын» «Ак шумкар» операсына, В. Фере «Эсимдесин» «Кыргызстан» аттуу симфониясынын негизги бөлүмүнө башкы тема катары пайдаланышкан. А.Түлөев анын көптөгөн күүлөрү менен обондорунун негизинде «Атай» аттуу симфония жазган (1962). Р. Миронович «Эсимдени» симфониялык оркестр үчүн иштеп чыкса, Б. Феферман «Маш ботой» күүсүнөн «Салтанат- туу увертюра» жараткан (1957). А. Огомбаевдин ушул эле күүсү А. Аманбаевдин симфониялык «Бий сюитасынын» 3-бөлүмүнө алынган. Анын бардык обондору менен күүлөрү фортепьяно жана эл аспаптары, симфониялык оркестрлер үчүн иштелип чыккан. 1939-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз искусствосунун 1-декадасына, ошол эле жылы Москвада өткөн элдик аспаптарда ойноочулардын Бүткүл союздук 1-кароосуна, 1942-жылы Фрунзе шаарында өткөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын 1-музыкалык он күндүгүнө, 1944-жылы Ташкент шаарында өткөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын 2-музыкалык он күндүгүнө катышкан. Талас облусунда анын аты айылга, мектепке коюлган, Бишкек шаарында бир көчөгө ысмы берилген. А. Огомбаев жөнүндө музыка изилдөөчү В. С. Виноградов эскерүү китепчесин, жазуучу К. Каимов «Атай» романын жазган. 2001-жылы Таластагы «Манас ордо» комплексинде Атайдын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган «Талас таӊшыйт» аттуу эл аралык фестиваль өткөрүлгөн. Ага карата анын ырлары, күүлөрү, эскерүүлөрү кирген «Атай» аттуу көлөмдүү жыйнак алгачкы жолу жарык көргөн, Талас облусунун борборунда анын музейи ачылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана бир нече медалдар менен сыйланган.
Ад.: ''Виноградов В. С''. Атай Огомбаев. М., 1960; ''Алагушов Б''. Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү. Ф., 1961; ''Каимов К''. Атай. Роман. Ф., 1969.

саган, андан таалим алып, ырчылык ж-а комузчулук өнөрүн үйрөнгөн. А. 1935-ж. Кыргыз мамл. драма театрына кирип, 1936-ж. филармония уюшулганда, ага солист болуп которулган. 1939-ж. ошол жерде комузчулар ансамблин уюштурган. 1940-ж. Москвада өз демилгелүү композиторлордун (элдик күүчүлөрдүн ж-а обончулардын) курсунда окуп, С. С. Прокофьев, В. М. Глиэр сыяктуу атактуу композиторлордон сабак алган. А-дын кыргыздын элдик обондорунун салттарында жаралган лирикалык ырлары («Күйдүм чок», «Эсимде», «Гүл», «Ой, булбул», «Жаштар» ж.б.) угуучуларга кеӊири маалим. Анын ырларынын обондору созулмалуу келип, нукура асемдүүлүккө ээ. «Ак Зыйнат», «Куралай», «Майчач» сыяктуу элдик ырларды да чебер аткарган. Өзүнүн «Шекер», «Тарт музыка», «Кыял
[[Категория:1-Том]]
күү», «Тоо булбулу» аттуу классикалык күүлөрү да бар. Токтогулдун «Келгендеги кербезим», «Чоӊ кербез», «Бала элем», «Карылык», «Үлгү ыр», «Армандуу чымчык» ж. б. ондогон ыр, күүлөрүн аткарган. Комп. В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере А-дын «Күйдүм чогун» «Айчүрөк» операсындагы Айчүрөктүн лирикалык темасына, С. Ряузов «Жаштарын» «Ак шумкар» операсына, В. Фере «Эсимдесин» «Кыргызстан» аттуу симфониясынын негизги бөлүмүнө башкы тема катары пайдаланышкан. А. Түлөев анын көптөгөн күүлөрү м-н обондорунун негизинде «Атай» аттуу симфония жазган (1962). Р. Миронович «Эсимдени» симф. оркестр үчүн иштеп чыкса, Б. Феферман «Маш ботой» күүсүнөн «Салтанат туу увертюра» жараткан (1957). А-дын ушул эле күүсү А. Аманбаевдин симф. «Бий сюитасынын» 3-бөлүмүнө алынган. А-дын бардык обондору м-н күүлөрү фортепьяно ж-а эл аспаптары, симф. оркестрлер үчүн иштелип чыккан. А. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз иск-восунун 1-декадасына, ошол эле жылы Москвада өткөн элдик аспаптарда ойноочулардын Бүткүл союздук 1-кароосуна, 1942-ж. Фрунзеде өткөн О. Азия респ-ларынын ж-а Казакстандын 1-муз. он күндүгүнө, 1944-ж. Ташкентте өткөн О. Азия респ-ларынын ж-а Казакстандын 2-муз. он күндүгүнө катышкан. Таласта анын аты айылга, мектепке коюлган, Бишкек ш-да бир көчөгө ысмы берилген. А. ж-дө музыка изилдөөчү В. С. Виноградов эскерүү китепчесин, жазуучу К. Каимов «Атай» романын жазган. 2001-ж. Таластагы «Манас ордо» комплексинде А-дын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган «Талас таӊшыйт» аттуу эл аралык фестиваль өткөн. Ага карата анын ырлары, күүлөрү, эскерүүлөрү кирген «Атай» аттуу көлөмдүү жыйнак алгачкы жолу жарык көргөн, Талас обл-нун борборунда А. музейи ачылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Ад.: ''Виноградов В. С''. Атай Огомбаев. М., 1960; ''Алагушов Б''. Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү. Ф., 1961; ''Каимов К''. Атай. Роман. Ф., 1969.

10:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТАЙ Огомбаев (1900-жыл, Талас облусу, Талас району, Көк-Кашат айылы ‒ 1949-жыл, ошол эле жерде) ‒ ырчы, комузчу, күүчү жана обончу. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1939). А. Огомбаев жети жашынан комуз черте баштап, 13‒14 жашында эл ырлары менен күүлөрүн аткаруучу катары таанылган. Устаттары Жантакбай, Абдракман, Субанаалы, Айдараалынын күүлөрүн чебер гана чертпестен, кайруусуна кайруу улап, ажарын ача аткарган. 1926-жылы Токтогул менен жолугушуусу бүткүл чыгармачылыгына өзгөчө бурулуш жасаган, андан таалим алып, ырчылык жана комузчулук өнөрүн үйрөнгөн. А. Огомбаев 1935-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театрына кирип, 1936-жылы филармония уюшулганда, ага солист болуп которулган.

АТАЙ19.png

1939-жылы ошол жерде комузчулар ансамблин уюштурган. 1940-жылы Москва шаарында өз демилгелүү композиторлордун (элдик күүчүлөрдүн жана обончулардын) курсунда окуп, С. Прокофьев, В. М. Глиэр сыяктуу атактуу композиторлордон сабак алган. А. Огомбаевдин кыргыздын элдик обондорунун салттарында жаралган лирикалык ырлары («Күйдүм чок», «Эсимде», «Гүл», «Ой, булбул», «Жаштар» жана башка) угуучуларга кеӊири маалым. Анын ырларынын обондору созулмалуу келип, нукура асемдүүлүккө ээ. «Ак Зыйнат», «Куралай», «Майчач» сыяктуу элдик ырларды да чебер аткарган. Өзүнүн «Шекер», «Тарт музыка», «Кыял күү», «Тоо булбулу» аттуу классикалык күүлөрү да бар. Токтогулдун «Келгендеги кербезим», «Чоӊ кербез», «Бала элем», «Карылык», «Үлгү ыр», «Армандуу чымчык» жана башка ондогон ыр, күүлөрүн аткарган. Композитор В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере А. Огомбаевдин «Күйдүм чогун» «Айчүрөк» операсындагы Айчүрөктүн лирикалык темасына, С.Ряузов «Жаштарын» «Ак шумкар» операсына, В. Фере «Эсимдесин» «Кыргызстан» аттуу симфониясынын негизги бөлүмүнө башкы тема катары пайдаланышкан. А.Түлөев анын көптөгөн күүлөрү менен обондорунун негизинде «Атай» аттуу симфония жазган (1962). Р. Миронович «Эсимдени» симфониялык оркестр үчүн иштеп чыкса, Б. Феферман «Маш ботой» күүсүнөн «Салтанат- туу увертюра» жараткан (1957). А. Огомбаевдин ушул эле күүсү А. Аманбаевдин симфониялык «Бий сюитасынын» 3-бөлүмүнө алынган. Анын бардык обондору менен күүлөрү фортепьяно жана эл аспаптары, симфониялык оркестрлер үчүн иштелип чыккан. 1939-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз искусствосунун 1-декадасына, ошол эле жылы Москвада өткөн элдик аспаптарда ойноочулардын Бүткүл союздук 1-кароосуна, 1942-жылы Фрунзе шаарында өткөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын 1-музыкалык он күндүгүнө, 1944-жылы Ташкент шаарында өткөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын 2-музыкалык он күндүгүнө катышкан. Талас облусунда анын аты айылга, мектепке коюлган, Бишкек шаарында бир көчөгө ысмы берилген. А. Огомбаев жөнүндө музыка изилдөөчү В. С. Виноградов эскерүү китепчесин, жазуучу К. Каимов «Атай» романын жазган. 2001-жылы Таластагы «Манас ордо» комплексинде Атайдын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган «Талас таӊшыйт» аттуу эл аралык фестиваль өткөрүлгөн. Ага карата анын ырлары, күүлөрү, эскерүүлөрү кирген «Атай» аттуу көлөмдүү жыйнак алгачкы жолу жарык көргөн, Талас облусунун борборунда анын музейи ачылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана бир нече медалдар менен сыйланган.
Ад.: Виноградов В. С. Атай Огомбаев. М., 1960; Алагушов Б. Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү. Ф., 1961; Каимов К. Атай. Роман. Ф., 1969.