Difference between revisions of "АЖЫБЕК баатыр"
м (→top: категория кошуу) |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЖЫБЕК''' Токтобай уулу, Ажыбек баатыр (1800, | '''АЖЫБЕК''' Токтобай уулу, Ажыбек баатыр (1800, Ат‑Башы жергеси – 1856, Какшаалдын Кулаган деген жери) – манап, 19‑кылымдын 1‑жарымында черик уруусун башкарган. Атасы Токтобай белгилүү мүнүшкөр болгон. Анын уулдарынын баары тың чыгып (Жабагы, Смайыл, Ажыбек, Эшимбек), «Токтобайдын төрт кашкасы» аталган. Ажыбектин баатырдыгы элдик санжыра боюнча Кокон хандыгынын аскерлери Көгарт ашуусун ашып, Арпа жайлоосу аркылуу Ат-Башыга уюштурган жортуулу учурунда көрүнөт (болжолу 1817–18‑жылдар). Бул жортуулдан 10–12 жыл өткөн соң гана 1831‑жылы Хаккула миңбашы мындагы кыргыздарды жазалоо жана Коконго каратуу максатында жаңы чапкын жасаган. 1830‑жылы Ат‑Башы өрөөнүндөгү Чекендинин талаасында, 1832‑жылы Аксайдагы Чычаардын бели менен Эшикарттын ортосунда (ал жер эл арасында «Ажыбектин чаар муруну» деп аталат) кокон аскерлери менен кыргыздардын ортосунда салгылашуу болуп, Ажыбек баатыр душманга оор сокку урган. Мындай каршылыктарга карабастан, Хаккула миңбашынын жортуулунун натыйжасында, Ички Теңир‑Тоодо Кокон хандыгынын үстөмдүгү орногон. Бирок көз каранды эместик үчүн кыймыл токтогон эмес. 1847‑жылы ''Кенесары'' Касым уулу баштаган казактардын кыргыздарга жасаган чапкынында Ажыбек баатырга кыргыз колунун туусун көтөрүү (алып жүрүү) милдети жүктөлүп, салгылашууда чоң эрдик көрсөткөн. Ал ''Ормон хан'' менен үзөңгүлөш жүргөн адамдардан болгон. Кезинде Ормон хан Ажыбай менен куда болуп, уулу Чаргынды баатырдын жакын тууганы Турдукенин кызына үйлөндүргөн. Анын ишмердигинин дагы бир багыты – Кашкар, Кулжа, Турпан ж. б. шаарларга кыргыз айылдарын аралап өткөн кербен жолун көзөмөлдөп, кербендерди тонотпой Кытайга жеткирип, алардан акы алуу менен элин баккан. Кашкардан билимдүү кожо‑молдолорду чакыртып, эл ичинде сабаттуулардын санын арбытууга, усталарды алдырып, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүүгө кам көргөн. 2000‑жылы Ажыбек баатырдын 200 жылдыгы белгиленип, Ат‑Башыда эстелиги орнотулган.

''Т. Өмүрбеков, Ы. Кадыров.''
| ''Т. Өмүрбеков, Ы. Кадыров.''

[[Категория:1-Том]] |
08:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЖЫБЕК Токтобай уулу, Ажыбек баатыр (1800, Ат‑Башы жергеси – 1856, Какшаалдын Кулаган деген жери) – манап, 19‑кылымдын 1‑жарымында черик уруусун башкарган. Атасы Токтобай белгилүү мүнүшкөр болгон. Анын уулдарынын баары тың чыгып (Жабагы, Смайыл, Ажыбек, Эшимбек), «Токтобайдын төрт кашкасы» аталган. Ажыбектин баатырдыгы элдик санжыра боюнча Кокон хандыгынын аскерлери Көгарт ашуусун ашып, Арпа жайлоосу аркылуу Ат-Башыга уюштурган жортуулу учурунда көрүнөт (болжолу 1817–18‑жылдар). Бул жортуулдан 10–12 жыл өткөн соң гана 1831‑жылы Хаккула миңбашы мындагы кыргыздарды жазалоо жана Коконго каратуу максатында жаңы чапкын жасаган. 1830‑жылы Ат‑Башы өрөөнүндөгү Чекендинин талаасында, 1832‑жылы Аксайдагы Чычаардын бели менен Эшикарттын ортосунда (ал жер эл арасында «Ажыбектин чаар муруну» деп аталат) кокон аскерлери менен кыргыздардын ортосунда салгылашуу болуп, Ажыбек баатыр душманга оор сокку урган. Мындай каршылыктарга карабастан, Хаккула миңбашынын жортуулунун натыйжасында, Ички Теңир‑Тоодо Кокон хандыгынын үстөмдүгү орногон. Бирок көз каранды эместик үчүн кыймыл токтогон эмес. 1847‑жылы Кенесары Касым уулу баштаган казактардын кыргыздарга жасаган чапкынында Ажыбек баатырга кыргыз колунун туусун көтөрүү (алып жүрүү) милдети жүктөлүп, салгылашууда чоң эрдик көрсөткөн. Ал Ормон хан менен үзөңгүлөш жүргөн адамдардан болгон. Кезинде Ормон хан Ажыбай менен куда болуп, уулу Чаргынды баатырдын жакын тууганы Турдукенин кызына үйлөндүргөн. Анын ишмердигинин дагы бир багыты – Кашкар, Кулжа, Турпан ж. б. шаарларга кыргыз айылдарын аралап өткөн кербен жолун көзөмөлдөп, кербендерди тонотпой Кытайга жеткирип, алардан акы алуу менен элин баккан. Кашкардан билимдүү кожо‑молдолорду чакыртып, эл ичинде сабаттуулардын санын арбытууга, усталарды алдырып, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүүгө кам көргөн. 2000‑жылы Ажыбек баатырдын 200 жылдыгы белгиленип, Ат‑Башыда эстелиги орнотулган.
Т. Өмүрбеков, Ы. Кадыров.