Difference between revisions of "АПАХИДА"
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АПАХИДА–''' | '''АПАХИДА–''' V кылымдын 2-жарымына таандык Трансильваниядагы археологиялык эстелик. Түндүк Батыш Румыниядагы Клуж – Напока шаарынын чыгышында, Апахида кыштагынын аймагында бири биринен 250 ''м''ден 500 ''м''ге чейинки аралыкта жайгашкан үч көрүстөн. Алгач 1889-жылы, кийин 1968–1969-жылдары, 1978–1979-жылдары казылып, бирок толук изилденген эмес. Изилденген көрүстөндөн тереңдиги 2 ''м'' келген казанакта жыгач табытка салынып, башы кыбыланы каратып жаткызылган маркумдун сөөгү табылган. 1-көрүстөндө бетине рельефтүү сүрөт түшүрүлгөн 2 күмүш кумура алтын рим фибуласы, билерик, 3 шакек («omharus» жазуусу бар; монограмма; 5 крест түшүрүлгөн), асыл таш чөгөрүлүп, алтындан жасалган кооздук буюмдар жfана башкалар; 2-көрүстөндө оюлуп, сүрөт түшүрүлгөн айнек кубок, саптуу кылыч, бел кур, асыл таш чөгөрүлүп жасалган кооздук буюмдар, ооздук жана башка ат жабдыктары; 3-көрүстөндө асыл таш чөгөрүлгөн алтындан жасалган кооздуктар жана башкалар кездешкен. Бул көрүстөндөр жогорку катмардагы аристократтар - гепидцерге тургузулган болуу керек. Бул бай табылгалар ''Элдердин улуу көчүү'' доорунда варвар королдуктарынын элитасынын калыптаныш мезгилинен кабар берет.<br> | ||
(«omharus» жазуусу бар; монограмма; 5 крест түшүрүлгөн), асыл таш чөгөрүлүп, алтындан жасалган кооздук буюмдар | [[Категория:1-Том]] | ||
оюлуп, сүрөт түшүрүлгөн айнек кубок, саптуу кылыч, бел кур, асыл таш чөгөрүлүп жасалган кооздук буюмдар, ооздук | |||
3-көрүстөндө асыл таш чөгөрүлгөн алтындан жасалган кооздуктар | |||
гепидцерге тургузулган болуу керек. Бул бай табылгалар | |||
14:06, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку версиясы
АПАХИДА– V кылымдын 2-жарымына таандык Трансильваниядагы археологиялык эстелик. Түндүк Батыш Румыниядагы Клуж – Напока шаарынын чыгышында, Апахида кыштагынын аймагында бири биринен 250 мден 500 мге чейинки аралыкта жайгашкан үч көрүстөн. Алгач 1889-жылы, кийин 1968–1969-жылдары, 1978–1979-жылдары казылып, бирок толук изилденген эмес. Изилденген көрүстөндөн тереңдиги 2 м келген казанакта жыгач табытка салынып, башы кыбыланы каратып жаткызылган маркумдун сөөгү табылган. 1-көрүстөндө бетине рельефтүү сүрөт түшүрүлгөн 2 күмүш кумура алтын рим фибуласы, билерик, 3 шакек («omharus» жазуусу бар; монограмма; 5 крест түшүрүлгөн), асыл таш чөгөрүлүп, алтындан жасалган кооздук буюмдар жfана башкалар; 2-көрүстөндө оюлуп, сүрөт түшүрүлгөн айнек кубок, саптуу кылыч, бел кур, асыл таш чөгөрүлүп жасалган кооздук буюмдар, ооздук жана башка ат жабдыктары; 3-көрүстөндө асыл таш чөгөрүлгөн алтындан жасалган кооздуктар жана башкалар кездешкен. Бул көрүстөндөр жогорку катмардагы аристократтар - гепидцерге тургузулган болуу керек. Бул бай табылгалар Элдердин улуу көчүү доорунда варвар королдуктарынын элитасынын калыптаныш мезгилинен кабар берет.