Difference between revisions of "АЖЫРАТУУ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |

(6 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЖЫРАТУУ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ''' – оптикалык приборлордун нерселердеги жакын жайланышкан эки чекиттин сүрөттөлүштөрүн даана көрсөтүүчү чоңдук. Сүрөттөлүштөрдүн кошулуп кетерине туура келүүчү эки чекиттин ортосундагы минималдуу аралык прибордун ажыратуу чеги деп аталат. Бул чоңдукка тескери чоңдук прибордун оптикалык күчүн туюнтуп, оптикалык системадагы ар түрдүү абберацияларга жана жарык толкунунун дифракция кубулушуна көз каранды. Ар кандай оптикалык прибор жарык нуру кирүүчү жана чыгуучу эки тешиктен турат. Эгерде абберациясыз, өтө так жасалган оптикалык системаны алсак, тешиктерден өткөн жарык толкундар дифракциялык кубулушка чалдыгып, ар бир чекиттин сүрөттөлүшү чекитти курчаган жарык жана караңгы шакекчелердин системасы түрүндө көрүнөт. Эгерде ар бир дифракциялык тактын борбору экинчи кара тегеректин чети менен тийишсе, дифракция теориясынын негизинде жанаша жаткан эки чекит өз алдынча так көрүнөт. Бул шарт Рэлей критерийи деп аталат. Мындан келип чыккан Ажыратуу жөндөмдүүлүгүнүн чегин аныктоочу формула оптикалык системанын параметрлери f жана Dга көз каранды δ = 1,21 ''λf/D,'' мында ''λ'' – жарык толкунунун уз., f – оптикалык системанын фокус аралыгы, ''D'' кирүүчү тешигинин диаметри. Абберациясыз оптикалык система болбойт. Ошондуктан, реалдуу оптикалык системалардын Ажыратуу жөндөмдүүлүгү - бул формула боюнча эсептелген сандан башкача болот. | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:35, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЖЫРАТУУ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ – оптикалык приборлордун нерселердеги жакын жайланышкан эки чекиттин сүрөттөлүштөрүн даана көрсөтүүчү чоңдук. Сүрөттөлүштөрдүн кошулуп кетерине туура келүүчү эки чекиттин ортосундагы минималдуу аралык прибордун ажыратуу чеги деп аталат. Бул чоңдукка тескери чоңдук прибордун оптикалык күчүн туюнтуп, оптикалык системадагы ар түрдүү абберацияларга жана жарык толкунунун дифракция кубулушуна көз каранды. Ар кандай оптикалык прибор жарык нуру кирүүчү жана чыгуучу эки тешиктен турат. Эгерде абберациясыз, өтө так жасалган оптикалык системаны алсак, тешиктерден өткөн жарык толкундар дифракциялык кубулушка чалдыгып, ар бир чекиттин сүрөттөлүшү чекитти курчаган жарык жана караңгы шакекчелердин системасы түрүндө көрүнөт. Эгерде ар бир дифракциялык тактын борбору экинчи кара тегеректин чети менен тийишсе, дифракция теориясынын негизинде жанаша жаткан эки чекит өз алдынча так көрүнөт. Бул шарт Рэлей критерийи деп аталат. Мындан келип чыккан Ажыратуу жөндөмдүүлүгүнүн чегин аныктоочу формула оптикалык системанын параметрлери f жана Dга көз каранды δ = 1,21 λf/D, мында λ – жарык толкунунун уз., f – оптикалык системанын фокус аралыгы, D кирүүчү тешигинин диаметри. Абберациясыз оптикалык система болбойт. Ошондуктан, реалдуу оптикалык системалардын Ажыратуу жөндөмдүүлүгү - бул формула боюнча эсептелген сандан башкача болот.