Difference between revisions of "АЖАРИЯ АВТОНОМИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ"
м (1 версия) |

| (12 intermediate revisions by 7 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЖАРИЯ''' (Ачара)''', Ажар Автономия Республикасы''' (Ачарис Автономиури Республика) Грузин Республикасынын курамында. Аянты 2,9 миң ''км2. Ка''лкы 36,5 миң (2015). Ажарияда 5 район, 2 шаар, 7 шаарча бар. Борбору – Батуми шаары. Закавказьенин түштүк-батышынан орун алган. Деңиз боюнда республиканы аралап, Колхида ойдуңунун ичке тилкеси созулуп жатат. Деңиз жээги менен тоо этектеринин климаты жылуу жана нымдуу субтропиктик, тоолуу аймактары нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орточо температурасы деңиз жээктеринде 4–6°С, тоолорунда 2°Сден –2°Сге чейин, июлдуку 22–23°С жана 16–20°С. Жылдык жаан‑чачыны 1000–2800 ''мм''ге чейин. Негизги дарыясы – Чорох. Ойдуңдуу аймактарында аллювий жана саз топурактары таралган. Аймагынын 50%ден ашыгын жазы жана ийне жалбырактуу токой ээлейт. Жээк тилкелеринде субтропик өсүмдүктөрү өсөт. Кинтриши коругу, Батуми ботаникалык багы уюшулган.
Негизинен ажар, грузин (325 миң, 1993), ошондой эле орус, армян жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Шаарлары: Батуми, Кобулети. Шаар калкы 48%ди түзөт. Калкынын орточо жыштыгы 1 ''км2'' 103,2 жерге киши.
Биздин заманга чейин 6–4‑кылымдарда Колхида падышачылыгынын, кийин Иберия падышачылыгынын курамына кирген. Биздин замандын 4‑кылымынан Лазика мамлекетине карап, андан соң, 8‑кылымдан Абхаз падышачылыгынын бир бөлүгү болуп калган. 10‑кылымда бириккен Грузия мамлекетине кирген. 11‑кылымда селжук, 13-кылымда монгол‑татар жапырыгына учураган. 16-кылымдын ортосунда Батум (Батуми) облусунун борбору жана анын округдары Осмон империясынын курамына кирип, жергиликтүү калк ислам динин тута баштаган. 1878‑жылы Россияга (Батум облусу) кошулуп, Кутаиси губерниясынын курамына киргизилген. 1918–1921‑жылдары Батумда бир нече жолу бийлик алмашылган. 1921‑жылы Карсск тынчтык келишими боюнча Грузиянын курамындагы Батуминин автономия статусун сактап калууга Түркия менен Советтик Россия гарант болушкан. 1921‑жылы16-июлда ГССРдин курамында Ажар АССРи түзүлгөн. 1922‑жылдын декабрынан Грузиянын бир бөлүгү катары СССРге кирген. 1990‑жылдын декабрынан азыркыдай аталат.
Негизги өнөр жай тармактары: нефть ажыратуу, машина куруу (электр-техникалык буюмдар, тамак‑аш өнөр жайына жабдуу, кеме куруу), тамак‑аш (чай, тамеки, шарап, консерва жана башкалар), жеңил, жыгаччылык. Ажарисцкали ГЭСи курулган. Маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрү – чай, цитрус, тамеки, тунг. Жүзүмчүлүк өнүккөн; жүгөрү, лавр, эвкалипт, бамбук да өстүрүлөт. Башкы деңиз порту – Батуми шаары. Деңиз жээгинде Батуми, Кобулети, Цихисдзири, Жашыл Тумшук, Махинжаури курорттору жайгашкан. | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
Негизинен ажар, грузин (325 миң, 1993), | |||
киши.

Негизги өнөр жай тармактары: нефть ажыратуу, машина куруу (электр | |||
11:58, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы
АЖАРИЯ (Ачара), Ажар Автономия Республикасы (Ачарис Автономиури Республика) Грузин Республикасынын курамында. Аянты 2,9 миң км2. Калкы 36,5 миң (2015). Ажарияда 5 район, 2 шаар, 7 шаарча бар. Борбору – Батуми шаары. Закавказьенин түштүк-батышынан орун алган. Деңиз боюнда республиканы аралап, Колхида ойдуңунун ичке тилкеси созулуп жатат. Деңиз жээги менен тоо этектеринин климаты жылуу жана нымдуу субтропиктик, тоолуу аймактары нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орточо температурасы деңиз жээктеринде 4–6°С, тоолорунда 2°Сден –2°Сге чейин, июлдуку 22–23°С жана 16–20°С. Жылдык жаан‑чачыны 1000–2800 ммге чейин. Негизги дарыясы – Чорох. Ойдуңдуу аймактарында аллювий жана саз топурактары таралган. Аймагынын 50%ден ашыгын жазы жана ийне жалбырактуу токой ээлейт. Жээк тилкелеринде субтропик өсүмдүктөрү өсөт. Кинтриши коругу, Батуми ботаникалык багы уюшулган.
Негизинен ажар, грузин (325 миң, 1993), ошондой эле орус, армян жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Шаарлары: Батуми, Кобулети. Шаар калкы 48%ди түзөт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 103,2 жерге киши.
Биздин заманга чейин 6–4‑кылымдарда Колхида падышачылыгынын, кийин Иберия падышачылыгынын курамына кирген. Биздин замандын 4‑кылымынан Лазика мамлекетине карап, андан соң, 8‑кылымдан Абхаз падышачылыгынын бир бөлүгү болуп калган. 10‑кылымда бириккен Грузия мамлекетине кирген. 11‑кылымда селжук, 13-кылымда монгол‑татар жапырыгына учураган. 16-кылымдын ортосунда Батум (Батуми) облусунун борбору жана анын округдары Осмон империясынын курамына кирип, жергиликтүү калк ислам динин тута баштаган. 1878‑жылы Россияга (Батум облусу) кошулуп, Кутаиси губерниясынын курамына киргизилген. 1918–1921‑жылдары Батумда бир нече жолу бийлик алмашылган. 1921‑жылы Карсск тынчтык келишими боюнча Грузиянын курамындагы Батуминин автономия статусун сактап калууга Түркия менен Советтик Россия гарант болушкан. 1921‑жылы16-июлда ГССРдин курамында Ажар АССРи түзүлгөн. 1922‑жылдын декабрынан Грузиянын бир бөлүгү катары СССРге кирген. 1990‑жылдын декабрынан азыркыдай аталат.
Негизги өнөр жай тармактары: нефть ажыратуу, машина куруу (электр-техникалык буюмдар, тамак‑аш өнөр жайына жабдуу, кеме куруу), тамак‑аш (чай, тамеки, шарап, консерва жана башкалар), жеңил, жыгаччылык. Ажарисцкали ГЭСи курулган. Маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрү – чай, цитрус, тамеки, тунг. Жүзүмчүлүк өнүккөн; жүгөрү, лавр, эвкалипт, бамбук да өстүрүлөт. Башкы деңиз порту – Батуми шаары. Деңиз жээгинде Батуми, Кобулети, Цихисдзири, Жашыл Тумшук, Махинжаури курорттору жайгашкан.