Difference between revisions of "АВЕРРОИЗМ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы
– 13–16-к-дагы батыш-европа философиясындагы араб философу Ибн-Рушд Му хаммед (лит. Аверроэс) негиз салган филос.-теологиялык багыт. А-дин өкүлдөрү «тиги дүйнө нүн» бар экендигин танышып, билимди динге, философияны теологияга каршы коюшкан. Ма терия м-н кыймылды эч ким жараткан эмес, алар түбөлүктүү. Ал эми адамдын акылы бол со, чындыкты таанып-билүүгө жөндөмдүү. А. ис лам ортодоксу тарабынан катуу куугунтукка алынган. Анткени, А. дүйнөнүн пайда болушунун башталыш себеби, биринчи кыймылдаткычы - таза акыл-эс деп тааныган, бирок аны Кудай жараткан эмес, о. эле жеке адамдын жаны түбөлүк эмес деп далилдешкен.
Т. Эсенгелдиев.