Difference between revisions of "АЭРОДРОМ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
|
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
(аэро ... ж-а гр. dromos ‒ жүгүрүү, күүлөнүү оруну) ‒ негизинен самолёт, вертолёт учуруу, кондуруу, башкаруу, орунга жайгаштыруучу жер бөлүгү м-н курулуштар ж-а жабдуулар комплекси. А. эки бөлүктөн (учуу-конуу зонасы ж-а анын үстүндөгү аба мейкиндиги) турат. Учуп-конуу зонасы учуп-конуу талаасын ж-а аба жолунун тилкесин камтыйт. Анда бир же бир нече учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору, перрондор, учуучу аппараттар жайгашты рылуучу орун болот. Учуп-конуу тилкесинен учуучу аппараттар учат ж-а ага конот. Ири А-до уз. 1000‒5000 м, туурасы 200‒400 мден 2‒6 учуп-конуу тилкеси болот. Аба жолу самолётту учуруп ж-а кондуруу багытында учуу-конуу тилкесинен учуп чыккан (же конуучу) аба мейкиндиги. А. самолётторду тейлөөсүнө, аянтынын өлчөмүнө, аянтына төшөлгөн плиталарга ж. б. параметрлерине байланыштуу 5 класска бөлүнөт. Учуучу аппараттардын үзгүлтүксүз учуп туруусун ж-а учуу коопсуздугун камсыздоо максатында А. радио- ж-а жарык берүүчү тех. каражаттар м-н жабдылат. Аба ырайы бүркөктө самолёттун учуп-конуу коопсуздугун камсыз кылуучу радиомаяк (курстук, глиссаддык, маркердик) системасы м-н камсыздалат. Абада учуу кыймылын башкаруу радиолокациялык көзөмөлдөө ж-а радиобайланыш каражаттары м-н ишке ашырылат. А. жарандык ж-а аскердик болуп бөлүнөт. Жарандык А. ‒ аэропорттун негизги курамдык бөлүгү; ал жүргүнчү, жүк, почтону аба м-н ташуучу, ар түрдүү авиац. жумуштарды (токой өртүн өчүрүү, айдалма өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо, оорулууларды ташуу ж.б.) аткаруучу самолёт, вертолётторду тейлейт. Аскердик А-до негизинен согуш аракеттерин, чек ара кызматын, табигый кырсыктардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү ж. б. кызмат аткаруучу самолёт ж-а вертолёттор жайгаштырылат.