Difference between revisions of "АЧЫК ТАШТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ элдик кол өнөрчүлүктө жээк жип, жүн, кийиз ж-а тери боёгондо боёкко кошуучу зат. Аны колдонуудан мурда жылуу сууга эритип, ага боёк салынуучу ысык сууну кошуп, чогуу кайнатат. Кайнаган сууга боёк салып, дагы бир жолу кайнатып, боёло турган буюмду (жүн, кийиз, жээк жип) сууга салып, 1,5‒2 саатча кайнатуу зарыл. От өчүрүлүп, суу муздаганча буюмдар боёкто калтырылат, ал эми терини боёгондо муздатып туруп колдонот.