'''АРТМАНЕ''' Вия (өз аты – Алида; 21. 8. 1929-жылы туулган, Тукум шаары) – латыш артисти, СССР эл артисти (1969), Латвия ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). 1949-жылы Рига шаарындагы Райнис атындагы көркөм театрдын алдындагы студияны бүткөн, 1949–1998-жылдары ушул эле театрда (1989-жылдан «Деймес» театры) эмгектенген. Ал түзгөн аялдардын образдарына назиктик, боорукерлик, асылзаадалык мүнөздүү. Аткарган белгилүү ролдору: Абигайль (Э. Скриба, «Бир чөйчөк суу»), Офелия, Джульетта (У. Шекспир, «Гамлет», «Ромео жана Джульетта»), Настасья Филипповна (Ф. М. Достоевский, «Кейбир»), Аркадина (А. П. Чехов, «Ак чардак»), Елизавета (Ф. Брукнер, « Англис Елизаветасы»), Тереза Ракен (Э. Золя, «Тереза Ракен»). 1998–1999-жылдары жаңы Рига театрында Графинянын (А.С.Пушкин, «Карганын маткеси») жана башка ролдорду аткарган. 1983–1987-жылдары Латвия CCP театр коомунун председатели болуп иштеген. Кинотасмаларда (1956-жылдан) аткарган ролдору: Соня («Өз каны», 1964), Аял («Эч ким өлүүнү каалаган эмес», 1966), Кристина («Эдгар жана Кристина», 1964) жана башкалар. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
'''АСА-МУСА'''– бири-бирине бекитилген жыгач алкакка (таякка) урунуудан добуш чыгаруучу шалдырактуу (жылаажындуу, коңгуроолуу) муз.<br>
[[Категория:1-Том]]
[[File:АСА-МУСА_68.png | thumb | none]]<br>
аспап. Бадал өсүмдүгүнүн катуу жыгачынан жасалат. Өткөн кылымдарда ал дубаналардын салттык аспабы болгон. Азыркы кезде кайра жаралып, атайын муз. аспап катары ойнолууда.
03:32, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АСА-МУСА– бири-бирине бекитилген жыгач алкакка (таякка) урунуудан добуш чыгаруучу шалдырактуу (жылаажындуу, коңгуроолуу) муз.
аспап. Бадал өсүмдүгүнүн катуу жыгачынан жасалат. Өткөн кылымдарда ал дубаналардын салттык аспабы болгон. Азыркы кезде кайра жаралып, атайын муз. аспап катары ойнолууда.