'''АРМИЯ--'''(Фр. armee, лат. armo – куралдандыруу) <sup>_</sup> I) кургактагы аскерлер, аскер-деңиз флоту; 2) мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн жалпы жыйындысы; 3) аскердик оперативдик бирикме. Мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн көбөйүшү, алардын кеңири фронтто жайгашуусу ж-а ар түрдүү багытта аракеттенчү аскер топторун башкаруунун кыйындашы, о. эле согуш аракеттерин жүргүзүүгө таасир тийгизген жаңы факторлордун пайда болушу бир эле ''согуш театрында'' бир нече А-ны түзүү зарылчылыгын туудурат. Ap бир А-нын номери, өзүнчө штабы, тылы, ''Аскердик совети'' болот. А. командачынын жетекчилиги м-н жекече оперативдик милдеттерди аткарат. Бүгүнкү күндө Куралдуу Күчтөрдүн түрүнө, курамына, ишке ашыруучу милдеттерине карай А. төмөнкүчө бөлүнөт: Аба чабуулунан коргонуучу А., Авиациялык А., Абадесант А-сы, Жалпы аскердик А., Танк А. ж. б. Адам коомунун тарыхында туруктуу А., жалданма А., дыйкандар А., атчандар А. сыяктуу А-дын болгондугу белгилүү. Эгемендүүлүккө ээ болгону Кырг-н да 1992-ж. өзүнүн аскердик уюмун түзгөн.<br>
'''АСА-МУСА'''– бири-бирине бекитилген жыгач алкакка (таякка) урунуудан добуш чыгаруучу шалдырактуу (жылаажындуу, коңгуроолуу) муз.<br>
[[File:АСА-МУСА_68.png | thumb | none]]<br>
аспап. Бадал өсүмдүгүнүн катуу жыгачынан жасалат. Өткөн кылымдарда ал дубаналардын салттык аспабы болгон. Азыркы кезде кайра жаралып, атайын муз. аспап катары ойнолууда.
03:32, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АСА-МУСА– бири-бирине бекитилген жыгач алкакка (таякка) урунуудан добуш чыгаруучу шалдырактуу (жылаажындуу, коңгуроолуу) муз.
аспап. Бадал өсүмдүгүнүн катуу жыгачынан жасалат. Өткөн кылымдарда ал дубаналардын салттык аспабы болгон. Азыркы кезде кайра жаралып, атайын муз. аспап катары ойнолууда.