[[File:АРКАР-КУЛЖА_2.png | thumb|Кулжа.]]'''АРКАР-КУЛЖА''' (Ovis ammon) – көндөй мүйүздүүлөр тукумунун аркарлар уруусундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 110-120 ''см,'' бийиктиги 65-125 ''см,'' салмагы 100-200 ''кг.'' Бийик тоолуу дың жана чөлдүү талааларда кездешет. Ургаачысы – аркар, эркеги кулжа деп аталат. Анын популяциялары түрдүү экологиялык шартта жашагандыктан, алардын түсү да ар түрдүү. Бул түргө кирүүчү популяциялар, бири биринен сырткы көрүнүшү менен айырмаланып турат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында 10дон ашык түрчөлөрү кездешет. Булар бири биринен сырткы көрүнүштөрү, чоңдугу, мүйүзүнүн түзүлүштөрү жанa түсүнө карата айырмаланышат. Памир Аркар-к-улжасынын мүйүзү чоң, учтуу, ичин көздөй ийрилип турат. Түсү кара боз, күрөң. Памир, Алтай тоолорунун чыгыш жагында, Теңир-Тоонун Арпа, Ак-Сай сырттарын мекендейт. Теңир-Тоодо жашагандарынын тулку бою чың, чоң, түсү, мүйүзүнүн түзүлүшү боюнча башка түрчөлөрдөн айырмаланып турат, эркегинин бийиктиги 110-115 ''смге'' чейин, ээгинде сакалы жок, түсү бозураак. Теңир-Тоо кыркаларын мекендейт. Жазында 1-2 козу тууйт. Эти, териси баалуу. Окумуштуулар аны кой менен аргындаштырып, уяң жүндүү меринос породасын алган.Бул түр Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.
'''АСА-МУСА'''– бири-бирине бекитилген жыгач алкакка (таякка) урунуудан добуш чыгаруучу шалдырактуу (жылаажындуу, коңгуроолуу) муз.

[[Категория:1-Том]]
[[File:АСА-МУСА_68.png | thumb | none]]

аспап. Бадал өсүмдүгүнүн катуу жыгачынан жасалат. Өткөн кылымдарда ал дубаналардын салттык аспабы болгон. Азыркы кезде кайра жаралып, атайын муз. аспап катары ойнолууда.
03:32, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АСА-МУСА– бири-бирине бекитилген жыгач алкакка (таякка) урунуудан добуш чыгаруучу шалдырактуу (жылаажындуу, коңгуроолуу) муз.
аспап. Бадал өсүмдүгүнүн катуу жыгачынан жасалат. Өткөн кылымдарда ал дубаналардын салттык аспабы болгон. Азыркы кезде кайра жаралып, атайын муз. аспап катары ойнолууда.