Difference between revisions of "ПАСТИЧЧО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''ПАСТИЧЧО''' (италянча pasticcio – apaлашма) – 1. Бир композитордун операсынан же операларынан алынга...")
 
(Айырма жок)

10:35, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы

ПАСТИЧЧО (италянча pasticcio – apaлашма) – 1. Бир композитордун операсынан же операларынан алынган ариялардан, ансамблдерден жана башка музыкалык номерлерден турган жаңы опера. XVII кылымдын акырынан тартып тараган. Пастиччо ыкмасында аспаптык чыгармалар да жаралган (мисалы, Чайковскийдин «Моцартианасы» жана башкалар). 2. Композиторлор тобу, шериктиги тарабынан жаралган музыкалык чыгарма (мисалы, В. Беллинин «Гексамерон» чыгармасынын темасына Герц, Лист, Черни, Шопен, Тальберг жазган вариациялар жана башкалар).