Difference between revisions of "ПАНДУРИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''ПАНДУРИ''' – грузиндердин 2 же 3 кылдуу чертме музыкалык аспабы. Жалпы узундугу 700-900 миллиметр....")
 
(Айырма жок)

10:26, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы

ПАНДУРИ – грузиндердин 2 же 3 кылдуу чертме музыкалык аспабы. Жалпы узундугу 700-900 миллиметр. Пандури мойнунда жыгачтан оюлуп кадалган 2-5 беренеси бар. Кылы ичегиден жасалат. Пандури секунда, терция добуш аралыктарында күүлөнөт. Пандури адатта аялдар хорун жана бийди коштоодо колдонулат.