Difference between revisions of "ПАВАНА"
Jump to navigation
Jump to search
(Created page with "'''ПАВАНА''' (италянча pavana - тоос куш) – XVI кылымда Европада кеңири тараган бий. Павананын келип чыг...") |
(Айырма жок)
|
10:23, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы
ПАВАНА (италянча pavana - тоос куш) – XVI кылымда Европада кеңири тараган бий. Павананын келип чыгышы жөнүндө эки түрдүү пикир айтылып жүрөт. Биринчиси боюнча павана же падуана Италиянын Падуя шаарында калыптанган. Ошондуктан ал павана деп аталат. Экинчиси боюнча павана Испанияда пайда болгон жана ал тоостун (испанча раvo - тоос) кекирейген басыгын тууроодон келип чыккан. Өтө жай, салабаттуу бийленет. XVII кылымда павана өз алдынча аспаптык пьеса катары колдонула баштаган жана сюитанын катарына кирген.