Difference between revisions of "«АЛАЙДАН АМУ-ДАРЫЯГА ЧЕЙИН»"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''«АЛАЙДАН АМУ-ДАРЫЯГА ЧЕЙИН»''' [толук түрүндө «Алайдан Аму-Дарыяга чейин: Кавказ, Каспийден ары...")
(Айырма жок)

13:14, 27 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

«АЛАЙДАН АМУ-ДАРЫЯГА ЧЕЙИН» [толук түрүндө «Алайдан Аму-Дарыяга чейин: Кавказ, Каспийден ары, Бухара, Фергана менен Памир, андан Алай, Каратегин жана Дарвазага саякат», (фр. «De l'Alaï à l'Amou-Daria: Voyage a travers la Transcaucasie la Transcaspienne la Boukharie, le Ferghanah et les régions prépamiriennes de l'Alaï du Caratéghine et du Darvaz»)] – италиялык саякатчы Феликс де Рокканын (фр. Félix de Rocca) эмгеги. Ал 1896-жылы Париж шаарында француз тилинде жарык көргөн. Эмгек дээрлик этнографиялык негизде жазылып, анын көпчүлүк бөлүгүнөн XIX кылымдын аяк чениндеги памир-алайлык кыргыздар, алардын жашоо-турмушу тууралуу, ошондой эле аталган аймактагы географиялык айрым аталууларды жолуктурууга болот. Автор тууралуу маалыматтар жокко эсе, бирок аталган эмгектин баш сөзүндө өзү Россия жана Цинь (азыркы Кытай) империялары жана Афганстан мамлекетинин ортосунда талашка түшкөн Памир тоолорундагы чек араны тактоо үчүн атайын комиссияга мүчө болгонун эскерет. Ал Сыр-Дарыя жана Аму-Дарыялардын боюн мекендеген жергиликтүү тургундардын ичинен «жука эрин, ээк менен жаактарында сейрек түктөрү бар сарт деп аталган жаңы типтеги адамдарды байкаганын» айтып, алардын моңгол жана иран (арий) расаларынын аралашуусунан пайда болгонун божомолдогон. Ал эми «чыныгы кыргыздардын өңү кара, сөөктүү, денеси чымыр жана күчтүү, чачтары коюу жана катуу, тайманбас көз караштуу раса» катары сүрөттөгөн. Жаз келип (апрель), дарак бүчүрлөп, жер жашыл мамыкка оролгон учурда Ош, Анжиян жана Маргалаң кыргыздары кышкы үйлөрүн калтырып, буюмдарын жүктөп, мал-жаны менен чубашып алып тоолорду көздөй көчүшөрүн, алар үчүн бул чоң майрам экенин белгилейт. Алар менен катар эле памирлик кыргыздардын да жайлоого көчүшүн өтө маанилүү окуя деп баалап, андан бир күн мурун чоң дасторкон жайылып, анда куйрук (койдун куйругу), каймак, айран, курут, көжөлөр жайнап, ошондой эле кой, эчки же жылкы союларын, ал эми төөнү өзгөчө учурларда, мисалы, кыргыздар Мекеге зыяратка барып келгенден кийин, Алла-таалага курмандык чалуу учурунда союша турганын көрсөтөт. Булардан тышкары кыргыздарда эч качан музыкасыз той болбосун, ар бир кыргыз кандайдыр бир аспапта ойнорун, кайсы боз үй болсун керегесинде комуз (la dombra), кыл кыяк (le kobza) жана сыбызгы (le sobizga) - чоор илинип турарын, тойдо сөзсүз боло турган оюн-зоок – бул жаш жигиттердин күрөшү болгонун белгилеп кетет. Булар менен катар саясий мааниде Борбордук Азиянын ээликтерин каратууда орустардын миссиясы тереңирээк изилдөөгө татыктуу, бирок басып алуулар муну менен эле токтоп калбасын эскертип, жакынкы келечекте кылымдар бою эзүү жана сокур фанатизмдин таасири астында калган Азия калкынын саясий жана диний куткарылышы менен аяктарын божомолдойт. Бул эмгек азыркы Кыргызстандын түштүгүндөгү тарыхый-географиялык абал жана ал жактагы уруулардын саясий-этникалык, маданий турмушун изилдөөдө эң баалуу булактардын бири болуп саналат.

Ад.: Félix de Rocca. De l'Alaï à l'Amou-Daria: Voyage a travers la Transcaucasie la Transcaspienne la Boukharie, le Ferghanah et les régions prépamiriennes de l'Alaï du Caratéghine et du Darvaz. Paris: Paul Ollendorff, 1896; Постников А. В. Схватка на «Крыше мира»: политики, разведчики и географы в борьбе за Памир в XIX веке. М. 2001.