Difference between revisions of "ЖУМАНАЗАРОВА Мээрим Рахмадиловна"
(Created page with "'''ЖУМАНАЗАРОВА ''' Мээрим Рахмадиловна (9. 11. 1999-ж. т., Талас обл., Бакай-Ата р-ну, Оро айылы) – с...") |
(Айырма жок)
|
14:10, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы
ЖУМАНАЗАРОВА Мээрим Рахмадиловна (9. 11. 1999-ж. т., Талас обл., Бакай-Ата р-ну, Оро айылы) – спортчу (эркин күрөш). Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 2014–16-ж. Кыргызстан Эл аралык университетинин коллежинде билим алган. 2017-жылдан Кыргыз мамлекеттик дене тарбия ж-а спорт академиясынын (КМДТА) студенти. 2014-ж. Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль, 2015-ж. Азия чемпионатында (Индияда) коло медаль, Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль (2016), 2017-ж. Азия чемпионатында (Бангкок) алтын медалга ээ болгон. 2017-ж. Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында, ошол эле жылы Түркмөнстанда (Ашхабад) өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында (экөөндө тен) коло медалга жетишкен. 2021-ж. Токиодо өткөн ХХХ11 жайкы олимпиадада коло медалга, 2022-ж. Азия чемпионатында (Улан-Батор шаарын да) күмүш медалга ээ болгон.