Difference between revisions of "ДҮЙШӨНАЛИЕВ Туратбек Болотбекович"
(Created page with "'''ДҮЙШӨНАЛИЕВ''' Туратбек Болотбекович (1960-жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Кырк-Казык а...") |
(Айырма жок)
|
12:03, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы
ДҮЙШӨНАЛИЕВ Туратбек Болотбекович (1960-жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Кырк-Казык айылы) – физика-математика илимдеринин доктору (2003), профессор(2012). Ростов-на-Дону шаарындагы инженер-курулуш институтунун “Айыл чарба курулушу” адистигин бүтүргөн (1982). Эмгек жолун “Ростов Промстрой ИИИ долбоор” (Ростов-на-Дону шаарында) институтунда инженер болуп баштаган. Ошол эле жерде аспирант, кенже илимий кызматкер; ФПИ-КАКИде инженер-программист, мугалим, улук мугалим, доцент, кафедра башчысы, докторант; КМТУда доцент, кафедра башчысы, экономика ж-а финансы-чарба иштери боюнча, илим жана сырткы байланыш боюнча проректор, ректор, кафедра башчысы. КРдин илим ж-а техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Бардыгы 146 илимий эмгектери, анын ичинде 4 монография, 2 окуу китеби, 2 патенти жарык көргөн. Эмг.: Прочность и пластичность материалов.–СПб.: Изд-во СПб. Политех. Универ. Петра Великого, 2016.–217 с.