Difference between revisions of "КЫРГЫЗ КИНО МУЗЫКАСЫ кошумча маалымат"
(Created page with "'''КЫРГЫЗ КИНО МУЗЫКАСЫ'''. Ар бир тартылган тасманын мазмунун тереңдетүүгө, жалпы сюжетти органи...") |
м (Lera moved page КЫРГЫЗ КИНО МУЗЫКАСЫ to КЫРГЫЗ КИНО МУЗЫКАСЫ кошумча маалымат) |
(Айырма жок)
| |
15:49, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы
КЫРГЫЗ КИНО МУЗЫКАСЫ. Ар бир тартылган тасманын мазмунун тереңдетүүгө, жалпы сюжетти органикалык түрдө байланыштырууда, көркөм образдарын ачууда, драмалык окуяларды эмоционалдуу айкындоодо, талаш-тартыштарды курчутууда, каармандардын рухий жан-дүйнөлөрүн, кулк-мүнөздөрүн ачууда музыка башкы ролду ойнойт. Кыргыздын профессионалдык кино музыкасынын төрөлүшүнө хроникалуу документ – чакан тасмалар уютку болгон. 1920-жылы Кыргызстандын аймагында режиссёр А. Терский этнографиялык, 1923-жылы экспедициянын жетекчиси профессор Н. Корженский бийик тоолуу кыргыз жеринен туңгуч даректүү сюжетти, режиссёр В. Полевой «Кара өлүм», «Кыргыз талаасында» маданий тасманы, 1927-жылы режиссёр Фрелха толук метраждуу «Чүмбөттөлгөн араба» аттуу көркөм тасманы, 1928-жылы режиссёр В. Шнейдеров туңгуч «Тоодогу өлүм» деген илимий-экспедициялык, 1936-жылы режиссёр Г. Сатарова биринчи жолу «Кыргызстан» даректүү тасманы, 1937-жылы режиссёр Ю. Васильчиков «Айгүл» аттуу балдар үчүн тасманы тарткан. 1940-жылдан баштап «Советтик Кыргызстан» («Советская Киргизия») кино журналы көрүүчүлөргө тартууланган. Бул тасмаларга музыка компиляция жолу менен жасалгалоочу, көркөмдөөчү каражат катары пайдаланылган. 1942-жылы Фрунзеде кинохроника студиясы ачылган. Режиссёр Г. Раппапорт «Манас» эпосу боюнча «Манастын уулу Семетей» аттуу көркөм тасманы (бүтпөй калган), режиссёр М. Слуцкий толук метраждуу «Кыргызстан жөнүндө ыр» (1946), режиссёр И. Гутман «Достуктун чокусу» аттуу туңгуч түстүү даректүү тасмаларды тарткан. Алардын айрымдарына орустун жана чет өлкөлүк классиктердин ар кыл жанрдагы музыкалары пайдаланылган. «Кыргызфильм» киностудиясы тарткан «Бийик жерде», «Советская Киргизия», «Суусамыр өрөөнүндө», «Алар Тянь-Шанда төрөлгөн», «Ырдын төрөлүшү», «Улуу эпос», «Манасчы», «Кумдагы кулпу», «Бак», «Мурас», «Нарын күндөлүгү» жана башка даректүү тасмалардын музыкаларын композиторлор В. Власов, В. Фере, А. Тулоев, А. Малдыбаев, Н. Давлесов, С. Медетов, Т. Эрматов, М. Марутаев, А. Волконский, Ю. Шеин, Ара Карленович жана Карен Саркисович Геворкяндар, Ш. Каллош, Б. Абдраимов жазышкан. Ал эми 1950-жылдардын экинчи жарымынан тартып тартылган «Салтанат», «Менин жаңылыштыгым», «Алыскы тоолордо», «Муз жүрөк жөнүндө баян», «Токтогул», «Чолпон» көркөм тасмалардын музыкасын А. Хачатурян, А. Зацепин, А. Аманбаев (А. Малдыбаев менен биргелешип), М. Раухвергер жазган. 1960-жылдары тартылган «Ашуу», «Тянь-Шандык кыз», «Космонавттар көчөсү», «Жоpo», «Биринчи мугалим», «Саманчы жолу», «Бакайдын жайыты», «Караш-Караш окуясы» жана башка көркөм тасмалардын музыкасын Ю. Левитин, Н. Крюков, Р. Леденев, В. Кончаков, Е. Брусиловский, В. Овчинников, Ю. Саульский, Ю. Шелин, Т. Эрматов, Д. Тер-Татевосян жазса, 1970-жылдары көрүүчүлөргө тартууланган «Буктурма», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Отко таазим», «Көчө», «Кызыл алма», «Көк серек», «Шаркыратма», «Айсулуунун талаасы», «Aк кеме», «Улан», «Каныбек» жана башка көркөм тасмалардын музыкаларын композиторлор Ю. Шеин, М. Maрутаев, T. Эрматов, Б. Макеев, Д. Тер-Татевосян, К. Молдобасанов, А. Шнитке, Р. Вильданов, А. Кнайфель жана башкалар жазышкан. 1980-жылы тартылган «Алтын кыз», «Он үчүнчү небере», «Биринчи», «Ак илбирстин тукуму», «Дилетант» жана башка ондогон көркөм тасмалардын музыкаларын кыргыз композиторлору Т. Эрматов, М. Бегалиев, Б. Абдраимов, С. Осмонов, орус композиторлору Ш. Каллош, Р. Вильданов, А. Георгиев, А. Журбин, В. Лебедев, И. Кантюков, В. Сумарков, В. Кисин, И. Кефалиди, О. Янченко жана башкалар жазышты. Ал эми 1970-жылдардын аягында 1980-жылдардын башында «Кыргызфильм» студиясы тарткан кыргыздын «Сандардын чатагы», «Меке чал менен Кара дөө», «Эки бөжөк», «Акын», «Сүрөт» жана башка мультфильмдердин музыкаларын Б. Жандаров, Б. Абдраимов, Ж. Малдыбаева, Э. Олах, М. Бегалиев, М. Розенблюм жазышкан «Кыргызтелефильм» студиясында 1960–1980-жылдары тартылган «Ак Мөөр», «Алымкан», «Эски тегирмен», «Бурма», «Күндүү арал», «Арман» жана башка тасмалардын музыкалары москвалык Ю. Шеин, Ш. Каллош, В. Сумарков, В. Кисин жана жергиликтүү кыргыз композиторлору Э. Жумабаев, Ж. Малдыбаева, Т. Казаков, Б. Глухов, Б. Макеев тарабынан жазылган.