Difference between revisions of "КОШНАЙ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''КОШНАЙ''' (өзбекче куш-жуп, най-түтүк, камыш) – өзбек, тажиктердин байыркы үйлөмө музыкалык аспа...")
 
(Айырма жок)

15:31, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы

КОШНАЙ (өзбекче куш-жуп, най-түтүк, камыш) – өзбек, тажиктердин байыркы үйлөмө музыкалык аспабы. Добушу жагынан кларнет түркүмүнө кирет. Камыштан, жыгачтан жана башкадан жасалат. Жалпы узундугу 250-300 миллиметр. Добуш чыгара турган огу бар. Жети көзөнөктүү, жалгыз чымылдактуу. Добуш катары биринчи, экинчи октаваны ээлейт, жеке, аспаптык ансамблдерде, эл аспаптар оркестринде ойнолот.