Difference between revisions of "КОРНЕТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''КОРНЕТ''', цинк (латынча corni – керней, мүйүз керней) – Францияда пайда болгон. Аны өркүндөткөндө...")
 
(Айырма жок)

15:24, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы

КОРНЕТ, цинк (латынча corni – керней, мүйүз керней) – Францияда пайда болгон. Аны өркүндөткөндөн кийин почта чоору деп аташкан. Корнет жезден түтүгү ийилип жана түз жасалат. 7 көзөнөгү бар. Жалпы тулкусунун узундугу мүштөксүз 295-320 миллиметр. XIX кылымдын аягынан тартып опералык жана симфониялык оркестрлердин курамында ойноло баштайт. Кийинчерээк үйлөмө оркестрлердин башкы аспаптары катары негизги партияларды ойнойт, ошентип корнет туба музыкалык аспабын алмаштырат.