Difference between revisions of "КҮЙГӨН ыр түрү"
Jump to navigation
Jump to search
(Created page with "'''КҮЙГӨН''' – кыргыздын оозеки адабий-музыкалык ашыктык, сүйүү лирикалык ырларынын бир түрү. Күй...") |
м (Lera moved page КҮЙГӨН to КҮЙГӨН ыр түрү) |
(Айырма жок)
| |
15:07, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы
КҮЙГӨН – кыргыздын оозеки адабий-музыкалык ашыктык, сүйүү лирикалык ырларынын бир түрү. Күйгөн ырларында бозойдун, селкинин сүйгөнүнө жетпей арманда калган кусасы, өкүнүчү, ички муң-зары муңкаган обондо ырдалган. Күйгөн ырларынын жаратуучулары карапайым калктын арасынан чыккан ырга шыктуу уландар, кыздар, төкмө акындар, ырчылар жана башкалар болушкан. Залкар обончу, төкмө акын Боогачы күйгөн ырларынын атасы аталган. Анын 1927-жылы «Күйгөн» аттуу жыйнагы Фрунзеден араб тамгасында басылып чыккан. Күйгөн ырлары комуздун жана башка эл аспаптарынын коштоосунда жана коштоосуз аткарылган. Элдик жана Боогачынын күйгөнүнүн үлгүсүндө ондогон обончулар, акындар күйгөндүн жаңы үлгүлөрүн жаратышты.