Difference between revisions of "КАВАТИНА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''КАВАТИНА''' (италянча cavatina – алуу) – лирикалык баяндама түрүндөгү чакан ария; обону жөнөкөй, ыр...")
 
(Айырма жок)

14:40, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы

КАВАТИНА (италянча cavatina – алуу) – лирикалык баяндама түрүндөгү чакан ария; обону жөнөкөй, ыргактуу, кыялкеч маанайда ырдалат. Мисалы, Римский-Корсаковдун «Аяз кызындагы» Берендейдин каватинасы. Ал эми Глинканын «Руслан менен Людмила» операсындагы Людмиланын каватинасы формасы жагынан таталыраак. Кээде обондуу аспаптык чакан пьеса да каватина деп аталат.