Difference between revisions of "ЖАПАРАЛИЕВ Нурлан Тынчтыкбекович"
(Created page with "'''ЖАПАРАЛИЕВ''' Нурлан Тынчтыкбекович (1976-жылы туулган , Фрунзе) – биология илимдеринин доктор...") |
(Айырма жок)
|
11:48, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы
ЖАПАРАЛИЕВ Нурлан Тынчтыкбекович (1976-жылы туулган , Фрунзе) – биология илимдеринин доктору (2011). КАЧИни бүтүргөн (1998). Ветеринариянын эпизоотология, вирусология, биотехнология тармагында жетектөөчү окумуштуу. Илимий ишмердүүлүгү ветеринариялык биотехнологияда айыл чарба малдарынын ылаң козгоочу вирусуна каршы дарыларды жакшыртуу м-н алардын ылаңын аныктоо үчүн спецификалык ыкмаларды иштеп чыккан. Койдун жана эчкинин чечекке каршы жергиликтүү штаммын, ИФА жана ПЦР тест-системасын ойлоп тапкан. Республиканын аймагында катталган вирустардын касиеттерин изилдөө сериялары өткөрүлгөн, биотехнология жана аларды культивирлөөнү жакшыртуу боюнча, анын козгогучтарын аныктоо боюнча тест-системасын, койдун жана эчкинин чечек вирусун бөлүүдө жергиликтүү штаммдарын, койдун жана эчкинин чечек ылаңына каршы культуралык вакциналарды иштеп чыккан. Бардыгы 95тей илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 15 методикалык сунуштама жана көрсөтмө, 12 ыкма, 8 патенттик инновациялык иштелмелердин автору. КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Эм.: Разработка метода ПЦР для выявления оспы овец и коз //Вестник науки Казакского агротехничнскго университета С. Сейфулина. Астана, 2009. -№ 4– С. 202-207. ( в соавторстве).