Difference between revisions of "ГУАНЬ"
Jump to navigation
Jump to search
(Created page with "'''ГУАНЬ''' (кытайча guan – түтүк) – кытайлардын сурнайга түспөлдөш кош чымылдактуу үйлөмө музыкал...") |
(Айырма жок)
|
10:34, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы
ГУАНЬ (кытайча guan – түтүк) – кытайлардын сурнайга түспөлдөш кош чымылдактуу үйлөмө музыкалык аспабы. Ал катуу жыгачтан, бамбуктан, кээде коргошундан да жасалат. 7 көзөнөктүү, бирөө карама-каршы жагында. Чоң гуань (дагуандын) узундугу 250 миллиметрге чейин, кичинекей гуань (сяогуандын) узундугу 200 миллиметрге чейин келет. Жеке, элдик ансамблде, оркестрде ойнолот.