Difference between revisions of "ГЛИССАНДО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''ГЛИССАНДО''' (французча glisser - сыйгалануу) – кылдуу, клавишалуу музыкалык аспаптарды өзгөчө жең...")
 
(Айырма жок)

10:29, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы

ГЛИССАНДО (французча glisser - сыйгалануу) – кылдуу, клавишалуу музыкалык аспаптарды өзгөчө жеңил жана өтө тез, манжаларды сыдыра сыйгалантып ойноо ыкмасы. Алсак, арфанын, скрипканын кылдарын фортепьянонун клавишаларын өтө ыкчам манжалар жүгүртүлүп аткарылат. Кыргыз комузчулардын чыгармачылыктарында глиссандрода ойноо күчтүү өнүккөн. Мисалы, Ныязаалы, Токтогул, Атай жана башкалар глиссандо ыкмасын алып чертишкен.