Difference between revisions of "ГАСТРОЛЬ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''ГАСТРОЛЬ''' (немисче gast – мейман, rolle – роль) – артисттердин элдик шайырлардын же жамааттын тур...")
 
(Айырма жок)

10:24, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы

ГАСТРОЛЬ (немисче gast – мейман, rolle – роль) – артисттердин элдик шайырлардын же жамааттын туруктуу иштеген жеринен башка аймакка, шаарга, облуска, башка өлкөлөргө барып оюн көрсөтүшү. XVIII кылымда, айрыкча XIX кылымдын 2-жарымынан белгилүү актёрлор жекече гастроль менен чыгышкан. Артисттер тобунун керектүү жасалгалар менен гастролго чыгышы XIX кылымдын аяк ченинде башталган. Кыргыз артисттери да гастролдо болушуп элибиздин улуттук музыкасы менен чет элдиктерди тааныштырууда.