Difference between revisions of "ГАЛЬЯРДА"
Jump to navigation
Jump to search
(Created page with "'''ГАЛЬЯРДА''' (италянча gaqliarda, француз тилинде gaillarde – шайыр) – италиялыктар менен француздардын...") |
(Айырма жок)
|
10:21, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы
ГАЛЬЯРДА (италянча gaqliarda, француз тилинде gaillarde – шайыр) – италиялыктар менен француздардын эски бийи. Алгач ылдамыраак кыймылда бийленсе, кийин жандуу, кубаттуу мүнөзгө ээ болгон. XVI–XVII кылымдарда Батыш Европанын эң сүйүктүү бийине айланган. Ошону менен бирге аспаптык, айрыкча жаалуу тартма музыкада өзгөчө орунду ээлейт. Гальярда адатта, жай, салтанаттуу павана бийинен кийин аткарылган. Бул бири-бирине контрастуу бийлер XVI–XVII кылымдын аспаптык сюиталарынын уюткусун түзгөн.