Difference between revisions of "ДОЗИМЕТР ПРИБОРЛОРУ-"
Jump to navigation
Jump to search
(Created page with " '''ДОЗИМЕТР ПРИБОРЛОРУ'''- иондоштуруучу нурлануунун дозасын ж-а анын кубаттуулугун өлчөөчү к...") |
(Айырма жок)
|
10:08, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы
ДОЗИМЕТР ПРИБОРЛОРУ- иондоштуруучу нурлануунун дозасын ж-а анын кубаттуулугун өлчөөчү куралдар. Бир түрдүү нурланууну өлчөөчү дозиметр приборлору (мисалы, нейтрондуу дозиметр приборлор, γ-дозиметрлери ж.б.) же ар түрдүү нурлануулардын талаасындагы нурланууну өлчөөчү дозиметр прибору бар. Рентген ж-а γ-нурлануулардын сандык дозасын өлчөөчү дозиметр приборлору рентгенометрлер, ал эми эквиваленттүү дозасын өлчөөчү приборлор бэрметрлер деп аталат. Дозиметр приборлорунун негизин детектор түзөт.
Детекторлордун тибине жараша дозиметр приборлору иондоштуруучу, радиолюминисценттик, жарым өткөргүчтүү, химиялык ж-а калориметриялык приборлорго бүлүнөт.