Difference between revisions of "БАЙЫРКЫ МЕЗГИЛДЕ ОРТО АЗИЯДА ЖАШАГАН ЭЛДЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР ЖЫЙНАГЫ"
(Created page with "'''БАЙЫРКЫ МЕЗГИЛДЕ ОРТО АЗИЯДА ЖАШАГАН ЭЛДЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР ЖЫЙНАГЫ''' – Орто Азияда жаш...") |
|||
| 2 -сап: | 2 -сап: | ||
Ад.: Бичурин (Иакинф) Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л., 1950–53; Ошонуку эле, Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016. | Ад.: Бичурин (Иакинф) Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л., 1950–53; Ошонуку эле, Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016. | ||
[[Категория:2-том, 1-69 бб]] | |||
10:20, 3 -октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку версиясы
БАЙЫРКЫ МЕЗГИЛДЕ ОРТО АЗИЯДА ЖАШАГАН ЭЛДЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР ЖЫЙНАГЫ – Орто Азияда жашаган байыркы элдер тууралуу кытай жазма адабиятынан таңдалып, жыйнакталган орус чыгыш таануучусу Н. Я. Бичуриндин (1777–1853) котормосу. Баш-аягы үч томдон турган бул котормонун негизин автор Пекинде жүргөн жылдары (1808–1821) чогултулган Кытай тарыхый даректери түзгөн жана котормонун жарыкка чыгышына башкы себеп орус аскеринин Орто Азияны басып алууга даярдыгы болгон. Ага чейин орус аскер кызматчылары жана окумуштуулар Орто Азиянын тарыхы менен батыш изилдөөчүлөрү аркылуу таанышып келген. Анда саякатчы, кербенчи-соодагерлер ж.б. үзүл-кесил баяндарына таянган батыш (грек, рим ж.б.) тарыхчылары Орто Азиянын тарыхын ар башка нукта жарыялап келишкен. Ошондуктан түрдүү тыбыштарды колдонуу менен өлкө, улут, уруулардын аталышын туура эмес чечмелөө, тез-тез өзгөрүп кетиши жана жөө жомок, мифтерди чындыкка айландыруу аракетине байланыштуу түшүнүксүз учурлар көп кезиккен. Борбордук Азиядагы көчмөн уруулар тарабынан курулган зор империялар жана алардын бытырап, чакан ээликтерге чачырашы же кайрадан биригишине түрткү берген объективдүү-субъективдүү себептерди көрсөтүүгө изилдөөчүлөр алсыздык кылган. Ушул учурда дүйнөлүк саясий чөйрөнүн Орто Азиянын байыркы тарыхына кызыгуусу артып жаткан кез болуп, ага ылайык 1846-жылы Орус Илимдер академиясы Н. Я. (Иакинф) Бичуринге Орто Азия элдеринин тарыхын түзүүнү тапшырган. 1851-жылы котормо жарык көргөндөн кийин көчмөндөрдүн тигил же бул коомунун жаралып-өнүгүшү, тарыхый окуялардын бири-бирине байланышы же алардын хронологиясын так аныктоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мурунку котормолорго салыштырмалуу көлөмү жана тексттердин сөзмө-сөз так колдонушу, титулдардын мааниси, сөздөрдүн муунга бөлүнүшү боюнча биринчи жолу жөнөкөй, жаңыча ыкмалар колдонулгандыктан, алгач учурунда эле коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан. Орто Азия жана Кыргызстандын тарыхын изилдешкен Н. А. Аристов, В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам сыяктуу ж.б. белгилүү окумуштуулар ага чоң баа берип, өз эмгектеринде кеңири пайдаланышкан. Котормолор негизинен б.з.ч. 2-кылымдан баштап б.з. IX кылымдын ортосуна чейинки узак мезгилди камтыганы менен ичинен легендарлуу мүнөздөгү байыркы гунндар жана түрктөрдүн чыгышы, ошондой эле X кылымга тиешелүү кидандар жөнүндө маалыматтарды да табууга болот. Байыркы мезгилде Орто Азияны мекендеген элдер тууралуу маалыматтарды автор негизинен б.з.ч. 109–91-жылдары жазылган Сыма Цяндын «Тарыхый жазмалар» (Ши цзи), Байыркы Хань (б.з.ч. 202–б.з. 25), Соңку Хань (б.з. 25–265), Цзинь (265–420), Түндүк жана Вэй (386–581), Суй (581–618), Тан (618–907) династияларынын тарыхынан алыган. Үч томдук жыйнактын 1-бөлүмү орто-азиялык байыркы эл – гунн (азыркы окулушу сюнну), экинчи жана үчүнчү бөлүмү тунгус менен түрк (ашина) урууларына арналган. Тан тарыхынан алынган котормолордо Батыш түрк кагандыгынын кагандары, алардын ичинде кыргыздар (кара: Байыркы кыргыздар) жөнүндө сейрек болсо да, илимий маанидеги өтө баалуу маалыматтар кезигет. Котормонун негизги бөлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Тарых жана Маданий мурас институтунун колдоосу менен 2016-жылы кыргыз тилине которулган.
Ад.: Бичурин (Иакинф) Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л., 1950–53; Ошонуку эле, Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016.