Difference between revisions of "ИПТАРОВ"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИПТАРОВ Сабыр (20. 11. 1956-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Мантыш айылы) – этнопедагог. КРдин Мамл. туусунун (1992) ж-а Бишкек шаарынын гербинин (1998) авторлорунун бири.
КРдин мад-тка эмг. сиң. ишмери (2010). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1979). Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун аппаратында консультант, бөлүм башчы (1979–85), Кыргыз билим берүү ин-тунда ил. кызматкер, бөлүм башчы (1986–2003), Кыргыз билим берүү академиясынын Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, даярдоо ж-а кайра даярдоо борборунун директору (2003–08), Инновациялык программаларды ж-а технологияларды интеграциялоо бөлүмүнүн башчысы (2008-жылдан). Ошол эле жерде Этнопедагогика бөлүмүн (1996), Кырг-ндагы Америка ун-тинде кыргыз таануу багытын (2002) уюштуруучулардын, «Мектеп окуучуларына рухий-адептик билим берүү Концепциясын» (2003), «Жалпы орто билим берүүнүн алкактык улуттук сабак түзүмүн» (куррикулумун) (2008) түзүүгө катышкан ж-а «Адеп» (1–4- кл.), «Мурас» (5–7-кл.), «Адам таануу» (8-кл.), «Үй-бүлө» (9-кл.), «Эл таануу» (10-кл.), «Маданият» (11-кл.) окуу программаларынын авторлорунун бири. Кыргыз элинин этнопед., этнолингв., этноэстетикалык мад-тына арналган 150дөн ашык эмгектердин, окуу китептердин автору. Эл аралык Айтматов клубунун (1989), «Руханият» ассоциациясынын вице-президенти (1992). «Манас-1000» медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Көркөм маданият: түшүнүктөр жана терминдер. Ф., 1989; Кыргыз эл педагогикасы: изилдөөлөр, табылгалар. Ф., 1990; Кыргыз этнологиясына киришүү. Б., 2000; Адеп билими. Б., (авторлош, 2002); Руханият. Рух инсандары – эл куту. Б., 2006; Адеп. 9-кл. окуу китеби. Б., (авторлош, 2008); Этнолингвопедагогика. Б., 2010.