Difference between revisions of "ИПОХОНДРИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИПОХО́НДРИЯ (hypochjndrion – ооруган жер, сүбөө алды) – өз ден соолугу үчүн өтө кооптонуп чочулаган оорулуу абал. И-га невроз, психопатия, депрессия ж. б. психикалык оорулар себеп болу­шу ыктымал. Адам божомол сезимдерге берилет да, саламаттыгына тиешеси жок ооруну өзүнө жабыштырат. Ага муңайым, сестенген, басмырт, кабатырланган маанай мүнөздүү. Алар дайыма шексинип, өз организминин иштөөсүнө ашыкча көңүл бурат, нормадан бир аз эле четтесе, өздөрүн оорулуу сезет, врачтарга кайрылып, көп текше­рүүлөрдөн өтөт. Алар ишеним ооруларына чал­дыгат, өзүмчүл келип, айланасындагылар көңүл бурбай жаткансып, дайыма нааразы болушат. И. аны эмгекке жарамдуулугун жоготуу абалы­на чейин жеткирет. Эгер текшерүүдө оору табыл­са врач-психиатрга кайрылуу керек.