Difference between revisions of "ИОНДУК РАДИУС"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИОНДУК РА́ДИУС – иондук бирикмелердеги шар сымал иондордун өлчөмүн болжол менен аныктоодо колдонула турган шарттуу мүнөздөмө. И. р. кристаллды түзгөн иондордун аралыктары б-ча аныкталат. Аны рефракциялык, рентген-электронографиялык ж-а квантмех. жолдор м-н ченеп алууга болот. Электр нейтралдуу атомдордун электрондорун жоготуусунун натыйжасында пайда болгон оң заряддуу иондордун өлчөмү баштапкы атомдордон дайыма кичине болот. Тескерисинче, терс заряддуу иондор электрондорду кошуп алуудан пайда болгондуктан, чоң болот. Бир эле элементтин оң заряддуу иону анын терс ионуна караганда кичине радиустуу, эгерде анын бир нече иону болсо, анда заряддын көбөйүшү м-н И. р-тар терс иондордо чоңоёт, оң иондордо кичирейет. Элементтердин мезгилдик системасындагы алган орду м-н И. р. мыйзам ченемдүү байланышта. И. р. Кристалл химиясы, кристалл физикасы, оптика ж-а геохимияда колдонулат.