Difference between revisions of "ИОНДУК ӨТКӨРГҮЧТҮК"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИОНДУК ӨТКӨРГҮЧТҮК – айрым заттардын эркин иондордун болушу м-н шартталган (сырткы электр талаасынын таасири астында макроскоптук аралыкка тартиптүү кыймылдоочу иондор) электр өткөрүмдүүлүгү. Электролиттер И. ө-кө ээ. Газда И. ө. кандайдыр бир иондоочу булактардын таасири астында бош иондордун түзүлүшү учурунда пайда болот. Иондук кристаллдарда крисстал торчосундагы микробузулуулардын таасиринен бош иондор түзүлгөндө нака И. ө-кө ээ болот. И. ө. жогорку темп-рада байкалып, жылуулук термелүү учурунда флуктуациянын (термелүүнүн орт. маанисинен четтеши) негизинде иондук кристаллда пайда болгон бузулууга; ал эми аралашма И. ө. төмөнкү темп-рада байкалып, ага байланыштуу бузулууга негизделген.