Difference between revisions of "ИОНДОШТУРУУЧУ НУРЛАНУУ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИОНДОШТУРУУЧУ НУРЛАНУУ – чөйрө м-н өз ара аракеттешүүдө чөйрөнүн атому м-н молекуласын иондоочу бөлүкчөнүн ж-а электр-магниттик кванттардын агымы. Рентген ж-а γ-нурлануусу, α-бөлүкчөлөрдүн агымы, электрон, позитрон, протон, нейтрондор И. н-га кирет. Заряддалган бөлүкчө чөйрөнү анын атому ж-а молекуласы м-н кагылышып иондоштурат. Бөлүнгөн электрон жетишерлик энергияга ээ болсо, ал да чөйрөнү иондоштурат. Тез нейтрондор учурундагы иондоштуруу, кайтарылып берилген ядролор же нейтрондордун чөйрө м-н өз ара аракеттешүүсүндө пайда болгон башка бөлүкчөлөр м-н шартталат.